Кыргыз мамлекети менен Азербайжандын футболдук командасы күч сынашат. Жолдоштук беттеш 29-май күнү Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө Бакунун Олимпиадалык стадионунда өтө турганын футбол федерациясы расмий сайтына жарыялады.
Андагы маалыматка ылайык, Кыргыз курамасы 22-майдан баштап Бакуда машыгууларды өткөрмөкчү.
Ага Кыргыз курамасынын 23 футболчусу катышат.
тизме:
Дарбазачылар: Кутман Кадырбеков, Валерий Кашуба (экөө тең – ФК “Дордой”), Калыс Акималиев (ФК “Абдыш-Ата”).
Коргоочулар:
Курсанбек Шератов, Тамирлан Козубаев, Бахтияр Дүйшөбеков, Аскарбек Салиев, Авазбек Откеев, Мустафа Юсупов (баары – ФК “Дордой”), Аманбек Маныбеков (ФК “Абдыш-Ата”), Шерзот Шакиров (ФК “Нефтчи”).
Жарым коргочуулар:
Павел Сидоренко, Азиз Сыдыков, Ислам Шамшиев, Муролимжон Ахмедов , Кайрат Жыргалбек уулу, Бекжан Сагынбаев (баары – ФК “Дордой”), Одилжон Абдурахманов (ФК “Алай”), Фархат Мусабеков (ФК “Илбирс”), Алимардон Шукуров (ФК “Абдыш-Ата”), Турсунали Рустамов (ФК “Алга”).
Чабуулчулар:
Мирлан Мурзаев (ФК “Сомаспор”, Түркия), Роман Левченко (ФК “Торпедо”, Шадринск, Орусия).
Айта кетсек, Кыргыз өлкөсү менен Азербайжандын футболчулары буга чейин 2013-жылы Бишкекте кез келип, беттеш 0:0 эсебинде
аяктаган.