КСДП: "Алмазбек Атамбаев журналисттерге жана экс-депутатка каршы доо арызын чакыртып алууга даяр"

Экс-президент Алмазбек Атамбаев "Заноза" сайтынын башкы редактору Дина Масловага, сайттын түзүүчүлөрүнүн бири Нарын Айыпка жана экс-депутат Чолпон Жакуповага каршы доо арызын чакыртып аларын айтты. Тиешелүү билдирүүнү КСДПнын басма сөз кызматы таратты.

"Расмий түрдө катталган маалымат булактарда жана медиа коомчулукта акыркы жылда болуп жаткан жакшы өзгөрүүлөр журналисттер Нарын Айыпка, Дина Масловага жана укук коргоочу Чолпон Жакуповага каршы материалдык доо арыздарымды чакыртып алууга мүмкүндүк берүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 30-июнунда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту биринчи иши боюнча башкы прокурордун арызын толук канааттандырып, "Заноза" сайтын, анын башкы редактору Дина Маслова, сайттын түзүүчүлөрүнүн бири Нарын Айып жана экс-депутат Чолпон Жакупованы жалпысынан 12 миллион сом доого жыккан.

Ушул эле күнү дагы бир доо арыз каралып, анда соттун чечими менен “Заноза” сайты жана журналист Нарын Айып өз-өзүнчө 3 миллион сомдон төлөөгө милдеттендирилген.

3-июль күнү кезектеги доо арыз боюнча соттук отурум болуп, анда да Башкы прокуратуранын доо арызы канааттандырылып, сайт 6 миллион сомго, Нарын Айып 3 миллион сомго доого жыгылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
admin_superstan
2018-05-18 16:32:19
MEDER_KULETOV,
Эскертүү! Коомдук этиканы сактаңыз!
-16
romaantik
2018-05-18 16:33:23
Кудай жалгасыыын
+9
kyrgyzsaram
2018-05-18 16:34:18
АША саясий позициясын озгортойун, озгортпосом элге жаман корунуп калат экенмин деп эми билиптирда. Бирок, кеч болуп калганын билгиси келбей жаткан окшойт.
+29
munar1980
2018-05-18 17:09:46
Менимче чакыртып албаса да сот четтен актап баштады го чакыртса чакыртпаса да баары бир акталат
+19
fora
2018-05-18 17:29:36
Ашанын дагы байлыгын алып ТЭСке алган кредитти толоп койсо жакшы болмок мулти миллиононер болбой калмак
+28
altyn7776
2018-05-18 17:41:05
Айла кеткендин иши да... Озунун башына кара булут айланып турганда айколдонбой мурда эле баш тартуу керек эле...
+20
Appasition
2018-05-18 17:53:45
Аа оа атамбаевте акыркы убакта жакшы иштер болтат
+1
Batma.Sh
2018-05-18 18:01:45
Эң биринчи жаңылык саясий кабарлардын талкуусуу ачылганыбы дейм.
+5
BekAmir
2018-05-18 18:28:12
АША озунун былыгынан коркуп С Жапаровду камаган
+11
Dalil
2018-05-18 20:02:54
Ошончолук кылат экен бийликте турганда жасоо керек эле. Сот өзү адилет чечет деп коюп соттор аркылуу канчасын миллиондорго жыкты. Соке досуна ишенди эле досу туура эмес иши үчүн досун да аябашын билген соң сүйлөгөн сөзү жасаган иши өзгөрө баштады. Эми кеч жакшылап териштирсе ЖЭБдин млндору чубалып чыга баштайт.
+11
uli1234
2018-05-19 10:14:35
Атамбаев сапар экоосунда кустуруш керек жэб учун, экоонун буйругусуз ошончо акчаны жей алышпайт
+3
stimyl.kg
2018-05-19 10:28:22
Сотко берген доолорунан баш тартса эле эл көзүнө айкөл адам болуп кетмек беле. Эл баарын көрүп байкап келген булардын кандай гана арам иштерге баргандарын,элдин байлыгына кандай гана кол салышкандарын. Доодон баш тартканы бул айласыздан болуп жатканы. Эсинерде болсо ошол доолордон баш тартуусун суранбаган адам калган эмес эле бийликте отурганда,угуп да койушкан эмес,эми баш тартам деп өзүнчө айкөл болгонү бул аргасыз амалсыз элден жек көрүндү болгонунан кабар берет.
+3
Ermekbai
2018-05-19 10:49:06
Башка амалыда калбадыда
+3
muslim87
2018-05-19 17:57:01
Анан кантсин бечара
0
Kojo1995
2018-05-20 13:56:39
Камап жегендерин баарынкус төлөтүш керек шaкалды.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан