Бишкектик "Алга" менен Оштун "Алай" клубдарынын ортосундагы беттештен кийин "Алайдын" оюнчусу Алиа Силла сабалды

20-майда Кант шаарында "Алга" жана "Алай" клубдарынын ортосундагы беттештен кийин "Алайдын" оюнчусу Алиа Силла сабалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз өлкөсүнүн футбол лигасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Оюн учурунда айып соккусун чыгарган маалда "Алганын" оюнчусу Алмаз Мирзалиев Алиа Силланы буттан чалып, чагым чыгарган. Мындан улам эки оюнчунун ортосунда жаңжал чыгып, Силла кызыл айып кагазын алып оюн талаасын таштап чыкканда, аны кийим которуучу жайдын алдында күтүп турган футбол күйөрмандары сабаганы айтылат. Балким Силла жекеме жеке же экөө менен жалгыз мушташкан, бирок "Алганын" 100дөй күйөрманы массалык түрдө сабады деген маалымат - калп. Ал жерде "Абдыш-Атанын" күйөрмандары да бар болгон, демек, мындан улам кайсыл клубдун колдоочулары экени тактоолорду жүргүзгөндөн кийин маалым болот", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Айта кетсек, Топ-Лиганын 9-турундагы "Алга" - "Алай" беттеши 1:1 эсебинде жыйынтыкталган.

Футболдук беттештен кийинки мушташта "Алайдын" оюнчулары сабалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
pyeon hwa
2018-05-21 09:52:12
Жалгыз ошону сабагыча, кыйынсынарбы теетиги ХХХХХХХХХХ Уят!
+7
suyor
2018-05-21 10:02:02
Алга уят силерге, мушунар менен мактанбай жакшы оюн менен мактангыла, ХХХХХХХХХХ
+16
Kojosh80
2018-05-21 10:14:15
Качан оңолобуз аа
+7
Dembele84
2018-05-21 10:32:44
Мындайларга катуу чара колдонбосо,кийинкилер да боло берет экен мушташса-деп,футболубуз келечекте эшек жайлоо болуп кетпесин!
+15
dosym
2018-05-21 10:35:35
ХХХХХХХХ ойношунарды да ойлобойсунарбы
+4
admin_superstan
2018-05-21 10:58:09
dosym, suyor, pyeon hwa,
Порталдын эрежелерин сактагыла!
-4
a.sheralievic.91
2018-05-21 11:18:39
Алиа Силла молочик биздин фудболго чоң салым кошуп келет
+10
Nur_ma_90
2018-05-21 11:20:59
Алга ХХХХХ
0
BekAmir
2018-05-22 09:29:26
Кыжаалат болбогула Алга Ошко барганда жакшылап ойнойсунар
+1
Okunboim.
2018-05-22 12:00:35
Оюндан четтеткиле бир эки жылга!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан