Сөз эркиндигин коргоо комитети саясий себеп менен камалган делген саясатчыларды камактан чыгаруу боюнча президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда комитеттин төрагасы Адил Турдукулов SUPER.KG порталына кабарлады.
Анын айтымында, комитет тарабынан 13 саясий туткундун тизмеси түзүлгөн. Сооронбай Жээнбеков алардын баарына бирдей көңүл бурушу керек.
"Эми алар саясий туткун болушту, арасында саясий салмагы барлар да бар. Президент алардын саясий салмагына же айрымдарына эл тарабынан жасалган басымдан улам эмес, баарына бирдей көңүл бурушун каалайбыз. Кээ бирлери өтө оор беренелер менен отурат, бирок алар негизинен мурдагы бийлик учурунда оор сындарды, сөздөрдү айткандыгы үчүн камалган да. Президент Жээнбеков аларды мен камаган эмесмин, менин күнөөм жок дей турган болсо туура болбой калат, анткени алар Жээнбековдун президенттик мөөнөтүндө отурган болушат.
Буга чейин саясий туткун деп Феликс Кулов, Топчубай Тургуналиев камактан чыккан. Алар чыккандан кийин өздөрүнүн ак экенин далилдешти", - деди Турдукулов.
Ошондой эле комитет төрагасы саясий туткундарга айып тагып, аларды камакка алгандардын өздөрүн жоопко тартуу керек деген пикиринен кайтпай турганын кошумчалады. Мындан тышкары сөз эркиндиги журналисттерге гана эмес, саясатчыларга да берилиши керектигин белгиледи. Кайрылууну президентке комитет кечээ, 21-майда жолдогон.