Кыргыз футбол Лигасы: "Алайдын" оюнчусу Алиа Силла футбол көрүү үчүн келген адамдар менен жеке келишпестиктерден улам чатакташкан"

"Алай" футболдук командасынын оюнчусу Алиа Силланын сабалышы анын футболду көргөнү келген адамдар менен болгон жеке пикир келишпестиктеринен улам болгон. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз өлкөсүнүн футбол Лигасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Учурда "Алга" менен "Алай" оюнунан кийинки болгон окуя тууралуу териштирүү иштери соңуна чыгайын деп калды. Белгилүү болгондой, "Алай" клубунун оюнчусу Алиа Силла кийим которуучу жайдын алдында жеке келишпестиктерден улам ошол жерде турган адамдар менен урушуп кеткен.

Видеону көргөндөн кийин ал адамдарды кайсы бир команданын күйөрмандары деп айтуу кыйын. Бул оюнчунун футбол талаасындагы кадамдарынан улам деп да баалоого болбойт. Териштирүүлөрдүн жыйынтыгы чыккандан кийин баарына тийиштүү чаралар көрүлөт", - дейт маалымат катчы.

Айта кетсек, Кант шаарында "Алга" жана "Алай" клубдарынын ортосундагы беттештен кийин "Алайдын" оюнчусу Алиа Силла сабалганы айтылган. Учурда бул иш боюнча Чүй ОИИББинде да тергөө иштери жүрүп жатканын билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Lintel
2018-05-22 15:17:28
ушинтип Алайдын женишин коро албастык кыла баштады. Эгер Алгада кимдир бироо катуу токмок жегенде бугунку куну катуу чара колдонмок. Калп эле териштируу деп унуткарат АЛАЙ соттук териштирууго кату тургула.
+2
fantomas
2018-05-22 15:20:31
Ушуга окшогон калпычы, касамкорлорго Окмот маяна толоп берип багып отурганы окундурот... Мындай Футбол Федерациясынын барынан жогу... Лучше жоюп салуу керек...
+2
Dembele84
2018-05-22 15:27:52
Жондон жон уруш чыкпаса керек,наркы бездельниктер муну ХХХХХХХ кылса,анан чыкса керек чатак !
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан