КСДП Сапар Исаков жана Кубанычбек Кулматовдун суракка алынышы тууралуу расмий билдирүү таратты

КСДП Бишкек ЖЭБинин айланысындагы окуялар, Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматовдун УКМКда суракка алынышы тууралуу билдирүү таратты.

Билдирүүнүн тексти толугу менен берилет:

"Акыркы айларда экс-президент Алмазбек Атамбаев менен байланыштырылып жаткан адамдардын ишмердүүлүгүнө терс баа берүү жасалма түрдө коомчулукка таңууланып жатканын, ошондой эле айрым кылмыш иштерин тергөөдө күч түзүмдөрүнүн ылгоочулук мамилелерин байкап жатабыз.

Тактап айтканда, Жогорку Кеңештин депутаттары өз сөздөрүндө 2018-жылдын 10 жана 16-майында Жогорку Кеңеште Бишкек ЖЭБдеги кырсыктын себептери жөнүндөгү маселени кароо “сот процессин” эске салганын моюнга алышкан. Депутаттар өздөрү билдиргендей, кабыл алынган токтом айыптоочу тыянактарды камтыйт.

ЖЭБдин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулуОшондой эле Жогорку Кеңештин токтому Бишкек ЖЭБдеги 2018-жылдын январында болгон кыйроого түздөн түз күнөөлүү кызмат адамдарынын жоопкерчилиги жөнүндө пункттарды камтыбаганы таң калычтуу. Мунун ордуна парламент маселенин экинчи бөлүгүнө, тактап айтканда, адистердин пикиринде Бишкек шаарынын жылытуу системин оңдолгус кыйроодон сактап калган ЖЭБди модернизациялоонун демилгечилерин айыптоого көңүл бурган.

Ошондой эле ЖЭБдеги кыйроону териштирүүдө укук коргоо органдары ачыктан ачык ылгоочулук мамиле жасашууда. Маселен, адегенде кылмыш иши ЖЭБдеги кыйроо фактысы боюнча козголгон. Бирок анын мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулун жоопко тартуунун ордуна, тергөө органдары кыйроого түздөн түз тиешеси жок адамдарга көңүл бурууда. Жалал-Абад шаарынын мэри, КСДП партиясынын мүчөсү Салайдин Авазов камалды, мурдагы премьер-министр, КСДП партиясынын төрагасынын орун басары Сапар Исаковду суракка чакырышууда.

Биз эл аралык аудит келишимин кошкондо Бишкек ЖЭБди модернизациялоону жүргүзүүдө кетирилген кемчиликтерди жана мүмкүн болгон тартип бузууларды дыкат териштирүү зарылдыгын четке какпайбыз, бирок адегенде ЖЭБдеги кыйроого түздөн түз күнөөкөр болгон адамдарга карата чара көрүлүүгө тийиш деп эсептейбиз. Кеп участканын чеберлери жана цехтердин начальниктери эмес, ЖЭБдин директорунун рангасындагы жана андан жогорку жетекчилер туурасында жүрүп жатат.

Андан ары. КСДПнын төрагасы Алмазбек Атамбаевдин 2018-жылдын 31-мартындагы басма сөз жыйынында сүйлөгөн сөзүнөн кийин коомчулук мамлекеттик бийликтер ЖМКлар “Раим-миллион” деп атап жүрүшкөн белгилүү Райымбек Матраимовго карата кандай чечим кабыл алышарын күтүүдө.

Бирок Райымбек Матраимов Мамлекеттик бажы кызматынан бошотулгандан кийин бюджетке түшүп жаткан бажы төлөмдөрүнүн кескин жогорулашы далил болгон бажыдагы уурдоолорду тергөөнүн ордуна, укук коргоо органдары, биздин көз карашыбызча, ойдон чыгарылган себептер менен бажыны коррупциядан тазалай баштаган КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Кубанычбек Кулматовду кылмыш жоопкерчилигине тартышууда.

УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын мындай ылгоочулугу коррупция менен күрөшүү идеясынын, өзүнүн беделин кетирет деп эсептейбиз".


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан