Депутаттар Жогорку Соттун судьялыгына президент тарабынан көрсөтүлгөн 5 талапкердин үчөөнү колдогон жок

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүнкү жыйында Жогорку Соттун судьялыгына президент тарабынан сунушталган 5 талапкерге жашыруун добуш берип, 2 талапкерди жактырып, калган үч талапкер колдоо тапкан жок. Убактылуу түзүлгөн эсептөө комиссиясынын төрагасы Талант Мамытов добуш берүүнүн жыйынтыгын окуп берди.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы:

Кыдык Жунушбаевге "макул" - 70, "каршы" - 37;

Нургүл Бакировага "макул" - 82, "каршы" - 25;

Ал эми Айдарбек Алымкуловго "макул" - 26, "каршы" - 81;

Дамира Орозовага "макул" - 42, "каршы" - 65;

Ирина Воронцова "макул" - 16, "каршы" 90 добуш алды.

Ошентип Жогорку Соттун судьясы болуп шайланган Кыдык Жунушбаев менен Нургүл Бакирова Жогорку Кеңеште ант берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
fora
2018-05-23 17:33:52
Тузуксунор кичине кичине оноло баштагандай болуп атасынар депутаттар
+1
Jelezo
2018-05-23 20:00:28
Коп таштагандар отот
-1
nemo2016
2018-05-24 02:58:52
Жээнбеков кайра эле ажыдаар сотторду Атамбаевтин сотторуна ишеним корсоткону жакпай жатат
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан