Тарых музейинде депутаттар "600 долларлык" жыгачтарды табышты

Бүгүн, 25-майда Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясы Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинде көчмө жыйын өткөрүүдө.

Анын жүрүшүндө депутаттар айрым экспонаттардын жана эмеректин баасы өтө кымбат көрсөтүлгөнүн айтып, мында коррупция бар экенин айтышты. Эл өкүлдөрү бир нече ак түстөгү узун жыгачтардан турган экспонатты көрсөтүп, ар бир жыгач 600 долларга бааланганын айтышты. Мындан тышкары эл өкүлдөрү Германиядан отургучтардын ар бири 100 миң сомдон сатып алынгана нааразычылыгын билдиришти.

Депутат Каныбек Иманалиевдин айтымында, бүгүнкү жыйында 3 маселе коюлмакчы. "Тарых музейин жаңылоо боюнча Түркиянын өкмөтү менен макулдашууга кол коюлган. Макулдашууга ылайык, түрк тарап музейдин ичин жана сыртын өз каражатына оңдоп бермек. Бирок сырткы иш аткарылгандан кийин биздин өкмөт макулдашууну токтотуп, ички оңдоо иштерине мамлекеттик бюджеттен 1,5 миллиард сом бөлүнгөн. Ким Түркия менен макулдашууну токтоткон, муну аныкташ керек.

Экинчиден, эмнеге музейдин ичинде оңдоо иштерин жүргүзгөн компания тендерсиз тандалган? Мындан тышкары эмнеге экспонаттар жана эмерек кымбат баада алынган? Ким, качан мыйзамсыз чечимдерди кабыл алган? Ушул суроолорго жооп издөө керек", - деди Иманалиев.

Жаңыланган тарых музейи: Миллион сомдук жыгач ат, жүз миң сомдук отургуч
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (31)
Tokmokchu-1
2018-05-25 11:32:38
Илгери СССР убагында ар бир тыйынына чейин эсептеп чыгышчу эле ревизия артынан ревизия келе берип...

Эми болсо Сатыбалдиевке окшоп 6 миллиардды жеп алса да кутулуп кетип жатышат...

Сокенер болсо бийликке кайра эле жегичтерди алып келип жатат...

Соке, ушундайында кет бийликтен, Кыргызстан жоголуп кете элегинде сактап калалы, иштей тургандарга бер президенттикти...

0
Tokmokchu-1
2018-05-25 11:35:31
Мадумаров президент болсо, Мырзакматов Окмотту жетектесе, Садыр Жапаров прокуратура менен сот бийлигин курировать этсе, коррупционерлер, депутаттар чекеден камалып, жегендерин кусса, тиги инвестор сорой каракчыларды кууп чыксак, олкодо завод-фабрикалар курулуп баштаса, ошол онолууга кадам таштаганыбыз...

Бул иштер, Соке, сенин колундан келбейт...
-2
Dalil
2018-05-25 11:40:21
Tokmokchu-1, туура Сокебиз өзүнүн айыбын моюнуна алып Мадумаровго бийликти өткөрүп берсе чыныгы элди ойлогон инсан катары тарыхта калмак. Чымчык сойсо да кассап сойсун дегендей колунан келбесе президенттикти тапшырганы оң.
-3
salimbek87.kg
2018-05-25 11:37:31
Вай жалганчылар 600доллар дейби эми булар айтып чыгат музейге келген туалетный бумаганы 6000миң сомдон алдык дейт жеп жутарлар көп антип элди алдабагыла булардын бети да бир көчүгү да бир болуп калды .Давайте кыргыз элим ойгонолучу Мадумаров Жапаров бири президент бири өкмөт болуш керек.
+3
bermet104
2018-05-25 11:45:23
Ооздоруна 600 доллар деген сөздү даярдап алышканбы баары эле
-2
salimbek87.kg
2018-05-25 11:53:54
600доллар буларга служебный болуп калган окшойт
-7
Tokmokchu-1
2018-05-25 11:55:45
Олкодогу баасы бир миллион сомдон жогорку бардык долбоор, курулуш, сатып алуулар ж.б.баарын текшериш керек...

Эгер мен президент болгонумда барбы, эсеп палатасы менен аудиторлор ар бир ишти 3-7 кундо эсептеп коррупцияны таап чыгып, прокуратура 1 жумада коррупционерлерди аныктап, сот 1 жумада ошол коррупционерлерди кустуруп, уй-мулкун конфискациялап, оздорун турмого тыкмак. Озбекистан, Кытай ж.б.ошондой эле бул процесстер. Бизде эле коррупционерлер кутуруп журот.
-6
Medinaa
2018-05-25 12:00:39
Жашагын келбейт го.Сөз жок!Күйөөсүң да!Кудай урсун.
-3
ady-88
2018-05-25 12:02:10
Жайга жакын жаны хит болот Эми.
-4
Atas
2018-05-25 12:33:25
Кереги жок турциянын жардамы
+1
aerforce
2018-05-25 13:46:13
каратып туруп жешип жатат эч коркушпайт экен
+1
admin_superstan
2018-05-25 13:57:15
Tokmokchu-1, Dalil,
Темадан алыс билдирүүлөр өчүрүлдү!
-2
Jazdyn_tany
2018-05-25 14:06:26
Минус баскандардын баары Тарых музейинде иштешет окшойт ))))
+5
anas07
2018-05-25 18:19:55
Кечиресинергоо курсагы чондор поезд кетип калды эми пайдасы жок. Эми мындан ары жакшылап иштегиле
0
aigulu
2018-05-26 06:57:58
Кресло, жыгачтар экспонатка киреби?
+1
Jelezo
2018-05-26 18:16:06
Кыргызстанга күйгөн чоңдор калбай калган окшойт. 14миң эврого алган аттарга мингизип сүрөткө тартып ар бир айылга илип коюш керек беттерин помада менен боёп туруп. Башка арга жок. Президент өчүп калдыбы үн катбайт .
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан