"Шаардык кеңештин сессиясы күнү, отчёт берерде аткаминерлердин кызматтан кетүүсүнө юридикалык баа берилиш керек". Мындай пикирин бүгүн, 29-майда Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында депутат Рысбай Аматов билдирди.
"Эртең менен Айгүл Рыскулова вице-мэрликтен кетти, азыр Болот Асаналиев кетиптир, анда ар бири жооп берер учурунда кете берсин! Мындай болбойт да. Жоопкерчилик болуш керек, аларга юридикалык баа берилиши керек", - деп нааразы болду депутат.
Андан соң ал мэр Албек Ибраимовго кайрылып, депутаттардын сөздөрүнө комментарий бербөөгө чакырды. "Сиз бизди үйрөтүп отурасыз, биз окуучу эмеспиз. Сизди мен 2016-жылы шайлагандан бери отчётуңузду уга элекмин", - деди Аматов.
Айта кетсек, бүгүн эртең менен Бишкектин социалдык маселелер боюнча вице-мэри Айгүл Рыскулованын өз каалоосу менен кызматтан кеткени белгилүү болгон. Андан соң Бишкек шаардык санитардык полигонунун директору Болот Асаналиевдин да кызматынан кеткени кабарланган.