Бишкек шаардык кеңеши Кытайга 3,3 гектар жер бөлүп берип, ордуна Пекинден 25 сотых жер алуу келишимин колдогон жок

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары 30-майда болгон жыйынында Кытай элчилигине Бишкек шаарынан 3 гектардан ашык жер тилкесин берип, ордуна Пекинден 25 сотых жер алуу боюнча келишимди карады. Долбоор боюнча бул жер тилкелери ижара иретинде 49 жылга алмашылмак.

Бул долбоор президенттин кийинки жумада Кытайга болгон иш сапарынын алкагында карала тургандыгын "Кыргыздипсервис" Мамлекеттик мекемесинин жетекчисинин орун басары Айнура Дубанаева билдирди.

"Эки тараптуу мамилени мындан ары жакшыртуу максатында президент Сооронбай Жээнбековдун июнь айында Кытай Эл Республикасына боло турган иш сапарында эки тараптуу мекеме курууга жана дипломатиялык түзүмгө жер берүүгө кол коюу каралган. Анын алкагында Кытайга Бишкек шаарынан 3,3 гектар жерди (учурда жайгашкан жеринен) 49 жылга ижара иретинде бөлүп берүү каралган. Өз кезегинде Кытай тарап Пекинден 25 сотых жер берип, гранттык негизде Элчиликтин имаратын куруп берүүсү пландалган", - деди ал.

Анын айтымында, учурда эки өлкө тең өкүлчүлүктөрү жайгашкан жерлер үчүн бири-бирине ижара төлөйт.

"Кытай тарап элчилиги жайгашкан жерге ижара иретинде жылына 723 миң сом төлөп турат. Ал эми, Кыргыз өлкөсү 2004-жылдан бери Кытайга 3 миллион 3 миң 55 доллар төлөгөн", - деди Дубанаева.

Депутаттар үч жолу добуш берип, соңунда 19у "макул" экенин билдирди. Бирок чечим канааттандырарлык болуусу үчүн 23 добуштан кем болбошу керек эле, мындан улам сунуш кабыл алынган жок.

Жыйындын соңунда Дубанаева Кытай менен жер тууралуу сүйлөшүүлөр 5 жыл аралыгында макулдашылып, Кытай ушул жылдын апрелинде 9-10 миллион долларга өзүнүн эсебинен Кыргыз элчилигине имарат жана кызматкерлерге турак жай куруп берүүгө макул болгонун айтты. Шаардык кеңештин депутаттары бул маселе дароо эле чечим чыгара турган сунуш эмес экенин билдиришип, шашылыш чечим кабыл алуу жаңылыштыкка алып келерин айтышты.

"Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков автобустар боюнча маселени кароого жөнөткөндө шашылыш чечим кабыл алып, ал кайтып келген. Бул маселе боюнча да шашылыш чечим кабыл алсак туура эмес болот", - деди шаардык кеңештин депутаты Канатбек Мүзүралиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (31)
nazarKGZ
2018-05-30 22:51:11
Азыркы бийлик тезинен Отставкага кетиш керек болду кыйратпайт
+11
Nuri1988Elim2010
2018-05-30 23:46:18
Бул дегени уже жер сатылды дегенида.Булар мээси тескери айланып калган.Эй ким ойлойт кыргызстандын келечегин.Аттин баарысы оз кызыкчылыгын ойлошуп жатышат.Ойлонушса жакшы болмок
+8
Nuri1988Elim2010
2018-05-30 23:47:38
Кытайлар жерди очойтуп алышат.А биз жашап журуп 5сотых жер тилкесин ала албайбызго
+13
tular
2018-05-31 00:07:16
Сооронбай Шарипович мен 2008-жылдан бери жер участогун алыш учун кезекте турам, 1 метр квадрат да ала албай жатам. Андан коро мага 6сотых бергилечи, мен Бишкектен сураган жокмун каапырларга окшоп, мага оз айылымдан болуп беруунузду отуном. Менден кийинкилер алып алышты уже...
+9
pero123
2018-05-31 00:15:54
турган эле ХХХХХХХХХ го!ошо ХХХХХХХХ аны!!
+1
admin_superstan
2018-05-31 10:34:23
pero123, этика нормаларын сактаңыз! Провокация жараткан билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат!
-4
pero123
2018-05-31 00:17:00
соке иштесен адамдай иште!эл жалган сөздөрдөн тажап бүттү!
+7
fanatkg
2018-05-31 00:22:51
Алар 1 метр да беришпейт!!!
+4
Birimdik5555
2018-05-31 00:24:52
9-10 миллион долларга имарат жана кызматкерлерге турак жай куруп берсе тиги жакта бир жер алдынан отуучу откоол 27 миллион долларга бутуптур
+5
munar1980
2018-05-31 04:22:38
Туура чечим аларды эч киргизбеш керек кичине эле жопасы батып калса бат эле кобойушуп кетет экинчиден 3.3 га жерди 25 сотыка алмашкан болбойт алмашса да канча жер берсек ошончо жер талап кылыш керек деп ойлойм
+4
Begim94
2018-05-31 07:44:36
ХХХХХХХХХ курсагынар эч тойбодуго силердин
+3
meku89
2018-05-31 07:50:38
Кытайга карызыбыз учун залогго эмнесин коюшту экен биздин чон соройлор. Дагы бироо акылдуу болуп Кыргызстандын бир областын залог дешкен жокпу. Эгер андай болсо тез арада карыздан кутулууну талап кылыш керек.
0
Isco22
2018-05-31 08:12:15
Кайсы 19у макул болуптур. Акча алышкан да ошолор кытайлардан. Ошого унчукпай макул дешти
+3
Kumarchik
2018-05-31 09:24:11
Ай ХХХХХХХХ жоголгула сунушунар менен ары дебейсинерби 25 сотик анан 3,3гектар эмне кытыйлардын ХХХХХХХ коомчулука чыгарбай озунор эле болбойт дебейсинерби
+1
admin_superstan
2018-05-31 10:47:46
Kumarchik, Begim94, Rolly, dastan.bujun,
Порталдын эрежелерин сактагыла! Билдирүүлөр түзөтүлдү!
-4
jbolotov
2018-05-31 10:26:03
Жерди сатуунун кагазга оролуп айтылышы ушул туугандар. Бийлике ишеним жок, мекенди ойлогондор калбай калгандай. Атамбаев ХХХХХХХХХХХХ алып каалагандай келишимдерге кол коёберген экенда.
+3
admin_superstan
2018-05-31 10:43:40
jbolotov, такталбаган маалымат жазып, кимдир-бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуңуз! Эскертүү!
-4
bond02
2018-05-31 11:27:57
кытайга жер бермек турсун даже биздин жерге бастырбаш керек, жер бердин дегиче Китай город деп атап алат ошол жерди, анан коруппуз да ал шаарды куйоосу кытай катындары кыргыз болгонун.
+2
jbolotov
2018-05-31 12:03:40
bond02,эн туура Кытай город болуп алса омуру чыгара албайбыз.
+1
Azatbek.Svoboda.
2018-05-31 14:35:02
jbolotov,Соке!!!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан