Мектепке кеткен бойдон 16 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан Айжамал табылды

Мектепке кеткен бойдон 16 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан Айжамал Токтогулова табылды. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда апасы Адиля Өмүркулова SUPER.KG порталына кабарлады.

Өмүркулованын билдирүүсүнө ылайык, Айжамалдын Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аянтында жүргөндүгүн айтып чалышкан.

"Мен дароо эле шаардагы тууганыма чалып, кызымдын турган жерине баруусун айттым. Түнкү саат 23:00дөр чамасында кызым аман-эсен келип калды, Кудайга шүгүр деп отурам. Азырынча кайда, эмне кылып жүргөнүн айта элек. Суроо берсек эле ыйлап жатат, тынчтык берели деп жатабыз. Негизгиси кызым аман экен", - деди Өмүркулова.

Эске салсак, кечээ 16 жаштагы Айжамал Москва районундагы үйлөрдүн биринен чыгып кеткен бойдон 16 күндөн бери дайынсыз болуп жатканын апасы билдирип, табышууга коомчулуктан жардам сураган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Shaa-82
2018-06-02 09:20:17
Урушат деп коркуп ыйлап аткандырда, мектепке форма менен кетип анан ак футболка рюкзак асынып демек даярданып чыкканго уйунон. Жакшы табылып калыптыр.
+19
Isken.der
2018-06-02 09:50:04
Алданып калгандыр бироого, главный табылыптыр го
+20
NURTILEK_KG
2018-06-02 10:04:45
Табылганына чындап кубанычтамын
+13
Medina87
2018-06-02 10:38:39
Откоол куракта жаштар арасында ата-энелерин эмес жеке озунун кызыкчылыгын ойлогон учурлар кездешет.
Табылып жакшы болуптур.
+4
momun74
2018-06-02 10:58:19
чынын айтсам биз торт кызбыз бизде откоол курак деген болгон эмес экен билбептирбизда андай куракты мен откоол куракта кантип иштесем акча тапсам уйго жардам кылсам деп ойлончумун жана жумушка кирип иштегем азыркы жаштар оной жол уйдон кетип калышат ата энени ойлошсо канча кабатыр болушту байкуштар
+23
RusMos76
2018-06-02 12:01:40
Ото эрке да кылбаш керек, эн негизи табыдып калганына суйунуп атам.
+4
Omurbek998
2018-06-02 12:22:26
Ураа
-1
Gulnyr19
2018-06-02 12:40:58
Кудайга шүгүр табылыптыр
+3
aydinnur
2018-06-02 14:03:59
Жакшы ырас табылып калыптыр..
+1
Nevestkaa
2018-06-02 17:51:25
Эне да байкуш кечээ кызын аппак ангелдей сүрөттөп берди эле,мунусу болсо 16күндөн бери энесин ойлоп да койбой площадта сайрандап жүрөт.Балдарыбызга акыл эс берсин кудайым.
+9
medya123
2018-06-02 21:51:12
Табылганы жакшы болуптур.
Апасы тим эле уурдап кеткенсип айтып жатпады эчжака чыкчу эмес,телефонда колдонбойт,балдар менен таанышта эмес деп.. баарын билем деп. Жашоо ушундай азыр,кызынын эмне кылып жургонун апасы билбей калган заман келди...

+9
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан