КҮНСОБОЛ: Жээнбековдун командасына кошулуп иштейт белеңиз? Кайсы жагынан жардам бермексиз? (толукталды)

Тектеш кабарлар: КҮНСОБОЛ (404 материал)

Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка расмий киришкенине жарым жылдан ашты. Бул убакыттын ичинде ар кандай деңгээлде бир топ кадрдык алмашуулар болду, бирок коомчулук көрүнүктүү жыйынтыктарды күтүүдө. "Вазир жакшы - хан жакшы" демекчи, өлкө башчынын жанында кесипкөй адистер болсо, мактоого татыктуу жылыштар көпкө күттүрбөйт.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Жээнбековдун командасына кошулуп иштейт белеңиз? Кайсы жагынан жардам бермексиз?" деп собол салды.

АСАНБЕКОВ: "Улуттук программаны иштеп чыгууга даярбыз"

"Мекен ынтымагы" партиясынын лидери Темирбек Асанбеков президенттин алдында турган маселелер бир эле сөз менен чечилип калбай турганын айтты.

"Биринчиден, кол коюлган эл аралык келишимдерди кайра карап чыгыш керек. Экинчиден, акча каражат саясаты түп тамыры менен каралып чыкпаса, бул маселе чечилбесе, эч качан экономиканын жолун ача албайбыз. Тышкы карыздарды жабуу, кадр маселесин чечүү, мамлекеттик иштерди алып баруу эрежесин бекитүү деген маселелер турат. Андан кийин гана Орто Азияда турган мамлекет катары, өзүбүздүн табигый шартыбызга жараша экономикалык багыттардын бардыгын илимий жол менен аныкташыбыз керек.

Бүгүнкү күнү мамлекетте улуттук стратегиялык экономикалык өнүгүү программасы иштелбей турат. Ушул маселе боюнча президенттин өзү менен кеңешип, ал саясий эрк көрсөтүп бере алса, биз программаны иштеп чыгууга болгон салымыбызды кошуп берет элек", - деди Асанбеков.

КОЧКОРОВ: "Экономикалык коопсуздук тармагын тартып кете алам"

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Улукбек Кочкоров өлкөдө мамлекеттик кызматта жогорудан таңуулоо күчтүү экенин айтты.

“Мен мамлекет үчүн тармагыма туура келген кызматта иштөөгө даярмын" деп буга чейин да айтып келгем. Мага өз алдынчалыкты берип, бир тармакты тапшырса, ашыкча саясий тапшырма, кысымдар болбосо, ар дайым иштөөгө даярмын. Бизге мүмкүнчүлүк бербейт. Мамлекеттик кызматтын жаман жагы - жогорудан таңуулоо күчтүү. Мага ишенип, толук тапшырып берсе, албетте, иштегенге болот. Бир органды берип, бирок ал жакка өз адамын коюп алып, "ага тийбе, иштейт" деп аралаш бергени жаман.

Буга чейин да 3-4 министрликте иштегем. Өзүм билген, тартып кете алышыма көзүм жеткен тармакты жетектегенге, иштегенге даярмын. Албетте, багытыма туура келбеген айыл чарба сыяктуу багыттарда иштей албайм. "Кызмат болсо болду" дегенден алысмын. "Бөдөнөнү сойсо да, касап сойсун" деп коёт го. Коопсуздук маселесин, айрыкча экономикалык коопсуздук тармагын тартып кете алам", - деди Кочкоров.

МАДУМАРОВ: "Мен эч качан жеке инсанга иштеген эмесмин, иштебейм дагы"

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров кандай адам менен иштешкенге даяр экенин билдирди. "Менде Акаевдин, Бакиевдин, Атамбаевдин же Жээнбековдун командасы деген түшүнүк жок. Бизде бир гана түшүнүк болуш керек: бизде ыйык Кыргыз мамлекети бар, касиеттүү кыргыз элибиз бар. Ушул мамлекетибиз үчүн ким менен болсо дагы иштешкенге дайым даярмын. Бирок ким менен болсо да иштей берем дегендей, ишке муктаж болуп же ага зар болгон жерим жок.

Мамлекеттин жана элибиздин кызыкчылыгы үчүн жасай турган иштер толтура, бирок бүгүнкү күндө муну түшүнгөн бийлик жок. Азыркы бийлик мен койгон 5 маселенин бирин дагы ушул күнгө чейин чечкен жок, чечпейт дагы. Анткени баары аралашып, баары бири-бири менен чырмалышып биригип кеткен. Мамлекет алдында турган маселелерди чечүү үчүн каалоо керек. Ал эми баары табакташ болгондон кийин бири-биринин көзүн кыя албайт. Эгер пейили түз болсо, ниети таза болсо, өлкө үчүн иштей турган болсо, ким менен болсо дагы иштешкенге даярмын, бирок жеке инсандын кызыкчылыгы үчүн кызмат кылган эмесмин, кылбайм дагы", - деди Мадумаров.

АКАЕВ: "Өкмөт туруктуу болсо, анда иштегенге даярмын"

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев эгер өкмөттө иштесе, кайсы багытты тандай турганын айтты. "Эгер өкмөт туруктуу болсо, анда иштегенге даярмын. Министр болуш үчүн тажрыйба керек. Азырынча убакыт бар. Азыр эл өкүлү катары көбүрөөк пайдам бар деген ойдомун. Эгер парламенттин келерки чакырылышына келсем, мен өкмөттүн аппаратында же башка кызматтарга барайын деген оюм бар. Каржы министри же экономика министри боло албайм. Социалдык тармактан болушу мүмкүн. Аны көрөбүз. Бирок бул боюнча такыр ойлонгон жокмун", - деди Акаев.

ҮМӨТАЛИЕВ: "Оорчундуу иштерди жасаш үчүн туруктуу, күчтүү топ керек. Андай топ барбы, билбейм"

Ишкер Эмил Үмөталиевдин айтымында, ал үчүн бийлик командасынын кандай адамдардан куралганы чоң мааниге ээ.

"Бул өтө оор, маанилүү суроо. Мен статуска, тактыга, бийликке кызыкпайм. Менин пикириме, келечек жөнүндөгү ойлорума, көз карашыма туура келсе, балким, иштейм. Бирок ага көзүм жетпейт. Саясатка умтулган эмесмин. Статуска кызыкпайм. Убакыт келип, келечек үчүн иштөөгө, өлкөнү коргоого, өстүрүүгө туура келсе, баарыбыз тең кошулабыз. Мезгил талап кылган болсо баарыбыз иштейбиз. Тактыны, бийликти жакшы көргөндөр болот экен. Майлуу-сүттүү кызматка кызыккандардан эместигимди убакыт көрсөттү. Орчундуу иштерди жасаш үчүн туруктуу, күчтүү топ керек. Андай топ барбы билбейм", - деди Эмил Үмөталиев.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан