Сокулук районунда өгөй атасы тарабынан сабалган 2 жана 5 жаштагы балдардын апасы күйөөсүн кечирип, ал менен кайрадан чогуу жашаганга макул. Бул тууралуу балдардын апасы Айсулуу 7-июнда SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, күйөөсүнүн баш коргоо чарасы 8-июнда каралат.
"Кайненем ооруканага келип жатат, бүгүн да тамагын көтөрүп алып келиптир. Ал кайрадан чогуу жашагыла, кааласаң балдарыңды мен деле багып берем деди. Күйөөм да эми урбайм деп сөз берип жатат. Эртең сотто да экинчи урбайм деп тил кат жазып берет экен, кагаздын бир көчүрмөсүн мага беришет. Өзүм да кечирип чогуу жашайын деп жатам, азырынча балдарды кайненеме берүүнү ойлоно элекмин. Кечирбесем балдарым менен кайда барам? Бара турган жерим жок", - деди Айсулуу.
Ошондой эле ал ооруканага өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлүнүн орун басары, Сокулук районунун акиминин орун басары келип, абалы менен таанышып, балдарына документ алууга жардам көрсөтөрүн айтышканын билдирди.
"Көп эле адамдар келип жатат, мен айрымдарынын ким экенин түшүнбөй жатам. Келгендеринин баарына эле күйөөмдү кечире тургандыгымды айттым", - деп кошумчалады ал.
Эске салсак, буга чейин Айсулуу күйөөсү, балдарынын өгөй атасы өзүн да, балдарын да сабаганын айтып берген. Балдар денесинен жаракат алып Сокулук райондук аймактык ооруканасына жаткырылган. Дарыгер кийин Айсулуу кош бойлуу экенин, түйүлдүк 7 апталык экенин билдирген.
Ал эми аялына кошуп балдарын сабаган делген 36 жаштагы тургунга кылмыш иши козголуп, Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.