12-июнда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети өкмөттүн 2017-жылга карата премьер-министрдин отчётун укту.
Депутат Мыктыбек Абдылдаев: "Мурунку премьер-министр Сапар Исаков бизге отчёт берген. Баарыбыз жактырганбыз. Мухаммедкалый Дүйшөкеевич (Абылгазиев - ред.), сиздин отчёт берүүдөгү максатыңыз эмне? Биздин 3 фракция өкмөттүн отчётуна начар деп баа койгон. Мына бул жерде ошол фракция лидерлери отурат. Аны кандай кылып чечебиз? 2017-жылы өкмөттө эки программа иштеген. Биз кайсы бирин канааттандырарлык деп табабыз?" - деди.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: "Менимче, 8 айдын жыйынтыгы 2017-жылдын жыйынтыгы болот деп ойлойм", - деп жооп берди.
Абдылдаев: "Парламенттин баасы менен өкмөттүн баасы 2 ача болуп калбасын. Эмне үчүн ишенбөөчүлүк көрсөтүлүп калганын анализдеп көрүңүз. Биз Сапар Исаковдун өкмөтүнө коопсуздук, макроэкономика, ички саясаттын негизинде ишенбөөчүлүк көрсөткөнбүз. Сиздин жалпы жыйында жасаган билдирүүңүз тарыхый мааниге ээ болот. Докладга жакшылап даярданыңыз", - деп айтты.
Депутат Курманкул Зулушев мыйзамга ылайык, отчётко канааттандырарлык же канааттандырарлык эмес деп баа берилиши керектигин кошумчалады.
Депутат Алмамбет Шыкмаматов: "Сапар Жумакадыровичтин өкмөтү Кумтөр боюнча долбоорго Жогорку Кеңеш жана коомчулук менен кеңешпей туруп кол койгон. Кандай нерселер өзгөргөн, эмне жазылганын билбейбиз. Бул тымызын түзүлгөн келишим болгон. Бул саясий да мыйзамдык да ката. Ошон үчүн Сапар Исаков кызматтан кеткен. Ушул маалымат боюнча да жалпы жыйында маалымат бере кетсеңиздер", - деди.
Ал эми дагы бир депутат Кенжебек Бокоев: "Мухаммедкалый Дүйшөкеевич, сиз канааттандырарлык эмес деген баага макул болушуңуз керек. Себеби мындай бааны биз апрелде эле Сапар Исаковго берип бүттүк. Эгер антпесек, ал да мага саясат кылышкан экен деп ойлойт. Бирок чын эле өкмөттө кемчиликтер бар. 2017-жылы ЖЭБдеги коррупцияны ачыктаган эмес", - деп билдирди.
Жыйынтыгында эки ача пикирлерден улам отчётко так баа берилген жок. Комитеттин төрагасы Канат Керезбеков: "Тарыхта болбогон окуяга туш болдук. Чечим кабыл алуу кыйын болууда. Комитет өкмөттүн отчётун эске алуу менен палатанын кароосуна сунуштайбыз", - деди.
Ошентип өкмөттүн 2017-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча премьер-министрдин отчёту 14-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралмакчы.