Таш-Көмүрдө прапорщик 24 жоокерди сабап салды, 9 жоокердин ээги жарылып кеткен

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер бөлүмүнүн 24 жоокерин аталган аскер бөлүмдүн прапорщиги сабаган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов билдирди.

Жогорудагы маалымат аталган борборго 10-июнь күнү келип түшкөн. Маалыматта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Таш-Көмүр шаарындагы аскер бөлүмүнүн прапорщиги 19-20 жаштагы балдарды күч колдонуп сабаганы айтылган.

"Келип түшкөн маалымат боюнча биздин борбордон атайын кызматкер аталган аскер бөлүмүндөгү жоокерлерге барып жолукту. Балдардын айтуусунда, Ж.М. аттуу мас абалындагы прапорщик 10-июнь күнү эртең мененки саат 5 чамасында 24 баланы уктап жаткан жеринен тургузуп сабаган. Жоокерлерди отжимание жасатып, үстүнөн тепкендиктен, 9 баланын ээги полго тийип жарылып кеткен. Мындан улам жаракат алган балдар аймактык ооруканага кайрылып, ээктерин тиктиришкен. Учурда бардык жоокерлердин абалы жакшы", - деди Нурдин Сулайманов.

Бул окуя боюнча Аскер прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренеси (кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу) менен кылмыш ишин козголду. Ал эми прапорщик бүгүн, 12-июнда Жалал-Абад ОИИБинин убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камакка алынды. Анын баш коргоо чарасы эртең, 13-июнда каралат.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы бул окуя боюнча иш жеке көзөмөлгө алынганын айтты.

"Сабалган жоокерлердин окуясын министр Нурболот Мирзахметов жеке көзөмөлүнө алды. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. Мындай окуялар министрликте кайталанбашы үчүн жакынкы күндөрдө чечкиндүү чаралар көрүлөт", - деди маалымат катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (35)
jbolotov
2018-06-12 19:20:07
Превышение полномочии деген статья менен иш козгоо женилдик болуп калат, денеге атайын озгочо оор залакат келтируу, бейбаштык дегендей беренелер менен камалышы керек, озу бир прапор болсо, озун кыйын сезип алганго?
+7
Krai
2018-06-12 19:20:12
24 солдат биригип алып тиги прапорщик соройду ХХХХХХХХХХ
+8
Snejana
2018-06-12 19:51:15
Krai,эзет турбайсынбы. Жыргап кулуп алдым.
+3
surgeon777
2018-06-12 19:31:49
Дагы биздин армияда дедовщина толук жоюлган деп интервью бергендерин кантейин..
+8
chyngyz-40
2018-06-12 19:46:09
Мен да ушул частьа служба кылгам 2010-2011 мына урган пропаршик озу армияга барган эмес акча менен кирген ишке ХХХХХХХ кенже сержант болчу ошол маалда
+10
Janna07
2018-06-12 20:32:39
Мен ушундайдарды угуп отуруп эле, баламды жизнь армияга жоноткум келбейт.
+7
Flowhive
2018-06-12 21:32:20
Колун сынсын,башка сөз жок
+7
Dinar.raiymjan
2018-06-12 23:20:37
Аракты ошол жоокерлер кыстап ичиргендей уруптурда... Ушуларды угуп кантип армияга барышат балдар????????
+4
Marasul.gulnur
2018-06-12 23:53:09
Армияда служба отоп келгендерден сурайын деди элем армияда жургон балага акча эмнеге керек? Эмне учун ата энеси службада жургон балага банктан акча салыш кк билгендер жооп жазып койгулачы сураныч
+5
gulya583
2018-06-13 00:04:19
Аты жонун толук жазып, суротун жоноткуло ошол эшектин, мен сообун берем анын.
+1
Boika1986
2018-06-13 01:41:34
Бул прапорщик 9-я рота болгонго дейм озунчо.
0
Angel92
2018-06-13 02:42:32
Эненин боюна буткондо учетко турсан акча,садикке акча,мектепке акча,университетте акча.Анан аскерге жибере албасан да акча(алтернатив дейт беле).Мамлекеттен жардам жок,чонойтушуп койгонсуп жиберген байкуш балавызга тепки.Ошол учун тороп жатабызбы эмне?
+3
Agata7775
2018-06-13 06:00:11
Балдар кызмат отоп жургондо ай сайын 420 сомдон алышат. Кызматын отоп буткондо оздоруно форма алып кийип кетишет ошого акча сураса керек.
0
salimbek87.kg
2018-06-13 07:16:38
Ошол 24жоокер прапришиктин же бир сержанттын ур сокку жеш үчүн бербейттко ата энелери мекенди коргош үчүн беретко менимче
+2
BarsBaatyr
2018-06-13 10:22:47
Ушинтип уруп-тепкилеп өлтүрүп алып анан асынып алды, атынып алды деп өзлөрү жазадан кутулуп кетишет.Кайран гана кор болгон биздин жоокерлер.
0
Aikan1966
2018-06-13 11:43:32
Ушул окуяларды окуп 24 баланын ата энеси кандай абалда олтурат ,балдарды жонотуштун кереги жок дейбиз ,анда бизди КР ким коргойт,бийликтегилер оздорунун чечимдерин чыгаргыча ,биринчи орунда аскредик кызматты жакшыртып корогоно алсак,биз да коркпой олтурат элек.Кошуна олкло Озбекстандан тажрыйба топтоп келсе болмок прапорщиктер ,аларда кандай.элдери тынч жыргап олтурат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан