Бүгүн футбол боюнча Дүйнө биринчилигинин алкагында Египет-Уругвай, Марокко-Иран беттештери орун алат

14-июнда Орусиянын Москва шаарында "Лужники" стадионунда футбол боюнча 21-Дүйнө биринчилиги старт алды.

Футбол дүйнөсүндө эң беделдүү мелдеш болгон Дүйнө чемпиондугунун көшөгөсүн Орусия-Сауд Арабия беттеши ачып берди. Атталган беттеште талаа ээлери Сауд Арабия курама командасын 5:0 эсебинде жеңип алды.

Бүгүн, 15-июнда мелдештин 2-күнүндө тайпалык беттештер уланып "А" тайпасындагы Египет менен Уругвай улуттук курама командалары Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө кез келет. Беттеш Екатеринбург шаарындагы "Екатеринбург Арена" стадионунда орун алат.

Ал эми "В" тайпасындагы Марокко-Иран беттеши Бишкек убактысы боюнча саат 21:00дө Санкт-Петербург шаарындагы "Санкт-Петербург" стадионунда болмокчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
beishen93
2018-06-15 08:59:04
Португалия-Испания да бугун ойнойбу админ?
-4
iskak86
2018-06-15 09:06:32
beishen93,ушунча интернетке кирип ком жазат екенсин интернеттен көрүп көчүрүп ал кайсыл команда качан ойношун биякта Админди убара кылбай
-1
Kurstan_CR7
2018-06-15 09:11:22
beishen93,
эртеңки күнгө караган түнү ойнойт. Тактап айтканда 00:00дө.
Бул биздин убак менен эсептегенде эртеңкиге кирип кетет..
-3
Rasul94
2018-06-15 09:46:56
Екатеринбургдагы билеттер орто баасы 15 болду.низкий цена 7
-3
Hernandez
2018-06-15 11:41:04
Саат 24:00 до Чемпионаттын эн кызыктуу беттештеринин бири Испания - Португалия беттеши орун алат
+2
salihalady
2018-06-15 12:45:32
Египет алгааа!!!
0
kutlibek
2018-06-15 14:57:10
salihalady, Кошулам. Египет Алга, МО Солах Алга!!!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан