Москвада жол кырсыгына шектелген Кыргыз жаранынын агасы: "Футбол болуп жаткандыктан кардарлар көп болуп, акчага кызыгып кеткен окшойт"

Москванын борбордук көчөлөрүндө мексикалык футбол күйөрмандарын автоунаасы менен сүзүп кеткен Кыргыз жаранынын бир тууган агасы Алмаз Анарбеков SUPER.KG порталына буларды айтып берди.

Алмаз Анарбековдун айтымында, иниси дайыма спорт менен машыгып, мелдештерге да катышып жүргөн.

"Биз Бишкек шаарына мен 9-класста окуп жатканда көчүп келгенбиз. Ал убакта иним кичинекей болчу. Экөөбүз "Дордой" базарында жүк түшүрүп иштеп акча тапчубуз. Кийин Орусияга иштегени кетип калдым. Менден кийин иним үйлөнүп артымдан барды. Өзү кичинесинен спорт менен машыкчу. Ал бул өнөрүн Москвада да улантып, аталган өлкөнүн бир катар шаарларында өткөн мелдештерге катышкан. Иним алгач келгенде кафелерде ашпозчу болуп иштечү", - деди бир тууган агасы.

Кырсыкка кабылган мекендешибиз Москвада 5-6 жылдан бери ашпозчу болуп иштеп келген. Ал эми такси кызматына киргенине болгону бир гана ай болгон.

"Иним бул ашпозчулук кызматынан жетекчилиги менен пикири келишпей чыгып кетиптир. Бул жумушка болсо досум аркылуу кирдим, жумуш жакшы деп сүйүнүп айтып жаткан. Биз кырсыкты Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жашаган таежемден уктук. Иним кырсыктаган соң айылдагы милиция бөлүмүнө кабар берилиптир. Анан таежебиз кабарды угуп апама айтыптыр. Ошол күнү эртең менен жатсам эле апам катуу кыйкырып ыйлап калды. Эжебиз ооруп жаткандыктан каза болуп калган экен деген ой келди. Бирок апам балам кырсыктаптыр деп эле окуяны айтты. Ал жактагы туугандарга, инимдин жубайына байланышсак тийиштүү органдар батирине келип, туугандарыбызды да кармап кетишиптир. Аларды түштөн ооп чыгарды. Апамдын айтуусуна караганда, келинибиз иним эки күндөн бери үйгө келбей иштеп жатканын, болгону телефон менен гана байланышын айтыптыр. Менин оюмча, азыр ал жакта футбол оюну болуп жаткандыктан кардарлар көп болуп, чынын айтканда, акчага кызыгып кеткен окшойт. Баарыңар көргөндөй эле иним унааны айдап келе жатып, тормозду басам деп газды басып алган турбайбы", - деди Алмаз Анарбеков.

Мекендешибиздин эки кызы бар. Жубайы Москва шаарына кеткенине 2 айдын жүзү болгон.

"Учурда иниме карата террорист деген сөздөр айтылууда. Бирок бул туура эмес, биз карапайым, өз эмгегибиз менен акча таап жашаган адамдарбыз. Кырсык деген каш менен кабактын ортосунда экен, минтип иним кырсыктап калды. Апам да бул окуяны угуп, жүрөгү чыдабай кечээ, 17-июнда Москва шаарына учуп кетти. Иним - абдан боорукер, ичимдик ичпеген адам. Анын акталышын, туура чечим чыгарууга жардам бергиле дейт элем", - деди кырсыкка кабылган Кыргыз жаранынын бир тууганы.

Эске салсак, 16-июнда Москванын борбордук көчөлөрүндө мексикалык футбол күйөрмандарын такси сүзүп кеткен. Мындан улам 8 киши жарадар болгон. Айдоочу күнү-түнү иштеп уктабагандыктан унаа айдап баратып уктап кеткенин милиция кызматкерлерине сурак берип жатканда айткан. Учурда жол кырсыгы боюнча Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин "транспорт каражаттарын пайдалануу эрежелерин бузуу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
nazi25
2018-06-18 09:27:57
Бетини быжыратканыңар менен элдин баары көрдү башка жактан)).Аман эсен кутулуп алсын мекендеш.
+13
Nanei
2018-06-18 09:41:48
Кудай колдоп аман эсен чыгып кетсекен. Кырсык айттырбай келет, сабыр тилейм жакындарына
+13
ruslanz
2018-06-18 09:49:16
Сузулуп калган кишилердин ордуна озунорду коюп коргуло, аларга деле кыйын болду.Баары бир жазасын алат,болгону женил жаза беришин Кудайдан тилейли.
-6
Dembele84
2018-06-18 09:53:19
Бетин жаап эл тааныбасын дединерби?
+8
aiturgasha
2018-06-18 10:55:21

Боорукер киши окшойт, ыйлап жибергенине караганда. Апасына да кыйын болду. Аман эсен чыгып кетсин эми
+12
Pamirlan
2018-06-18 12:37:00
Праваны окуп алган бекен
+2
Begali9
2018-06-19 01:46:51
Pamirlan,Окууп алганы деле кырсыкка кабылып атат бул деген кырсык Аллах озуу колдосун
0
surgeon777
2018-06-18 19:05:11
Видеосун каяктан коруп жатасынар?
0
Ayida
2018-06-19 01:27:17
Аллахым озу колдосун!
0
jibew
2018-06-19 23:09:00
Спортчу турбайбы жанагы кубалап тепкилегендерди экиден чыгарса да энесин таанытмак экен!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан