Түштүк Кореяга окууга тапшыруунун жолдору

Өнүккөн өлкөлөрдүн билим берүү системин көрүп, ал жерден билим алып, тил үйрөнүп ошол билгендеримди өлкөгө барып пайдаланып, Кыргыз жеринин өнүгүүсүнө салым кошом деп жүргөн жаштар көп. Биз Түштүк Кореяга барып билим алып келүү үчүн эмне кылуу керек деген суроого жооп алдык.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Түштүк Кореянын билим берүү тармагынын ортосунда студенттерди окутуу боюнча эч кандай келишимдер жок. Бирок бул кыргыз студенттери Кореяга барып билим ала албайт дегенди түшүндүрбөйт. Анткени Корея Республикасынын Кыргыз мамлекетиндеги элчилигинин алдындагы "Кореяда билим берүү" борборунун KGSP деп аталган программасы аркылуу жыл сайын аталган өлкөгө окутууга жарандар жөнөтүлөт.

Борбордун кызматкери Мээрим Саматованын айтымында, бул жылга магистратура жана докторантурада билим алуу үчүн Кыргыз мамлекетине 6 орун, ал эми бакалаврдык квалификацияга ээ болуу үчүн 2 орун берилген.

"KGSP программасы Корея Республикасынын Кыргыздагы элчилиги менен Кореянын билим берүү министрлигинин алдындагы Эл аралык билим берүү институтунун ортосунда 1999-жылдан бери иш алып барат. Ошол жылдан тартып өлкөдөн жыл сайын 5тен 12 кишиге чейин аталган өлкөгө барып бюджеттик негизде билим алып келүүгө шарт түзүп келет", - деди Саматова.

ОКУУГА БАРУУ ҮЧҮН ТАЛАПКЕРДЕН КАНДАЙ ДОКУМЕНТТЕР КЕРЕК?

(окууга тапшыруу 3 этапта жүргүзүлөт)

1) Документ тапшыруу

1. Анкета

2. Өмүр баяны

3. Окууга планы

4. Рекомендациялык 2 кат

5. Медициналык маалымат (талапкердин мурда кайсы оору менен ооруганы, физикалык абалы, бою, салмагы тууралуу маалыматтар камтылган документ)

6. Окуу жайынан 100 баллдык системдеги баа коюлган баракча

7. Талапкердин жарандыгын аныктаган документ (Кыргыз Республикасынын жараны эмес болсо тапшыра албайт)

8. Талапкердин ата-энесинин жарандыгын аныктаган документ (ата-энеси Түштүк Кореянын жараны болсо тапшыра албайт)

БАКАЛАВРИАТКА ТАПШЫРА ТУРГАН БОЛСО орто билими тууралуу аттестат;

МАГИСТРАТУРАГА ТАПШЫРА ТУРГАН БОЛСО бакалаврдык квалификациясы боюнча диплом;

ДОКТОРАНТУРАГА ТАПШЫРА ТУРГАН БОЛСО магистратураны бүткөндүгү боюнча диплом.

Талаптагы документтер топтолуп берилгенден кийин борборго маектешүүгө чакырылат.

Маектешүүдөн өтсө:

1. Жалпы жарандык паспорт;

2. Медициналык аныктама алып келет.

Андан соң кабыл алуунун 2-баскычына өтөт.

Анда талапкердин документтерин, маектешүүнүн жыйынтыгын Корея Республикасынын алдындагы Эл аралык билим берүү институту карап чыгат. Андан өтсө, талапкердин документтери Кореядагы анын багытына тиешелүү болгон университетке жөнөтүлөт.

3-баскыч:

3-этапта университетте түзүлгөн комиссия талапкердин документтерин карап чыгып, онлайн түрүндө аны менен маектешет. Ошол комиссия курамы кандидатты кабыл алабыз деп чечсе, анда ал окууга чакыртылат.

Толук маалыматты www.edubis.kg сайтынан таба аласыздар. Борбордун байланыш номери: 0312 30 46 07.

ТИЛ БИЛГЕНДИГИ БОЮНЧА СЕРТИФИКАТ, ТҮРДҮҮ БАГЫТТАГЫ СЫЙЛЫКТАР МААНИГЕ ЭЭ БОЛО АЛАБЫ?

• Корей, англис тилин билгендиги тууралуу сертификаттары, гезит-журналдарга жарыяланган илимий макалалары, сыйлыктары болсо артыкчылыктар берилет.

ТҮШТҮК КОРЕЯДА КЕЛИШИМДИК НЕГИЗДЕ БИЛИМ АЛУУ ҮЧҮН КАНЧА КАРАЖАТ КЕРЕКТЕЛЕТ?

Түштүк Кореяда билим алууну каалагандар жеке каражаты менен да барса болот. Ал үчүн толук маалыматтарды элчилик, Кыргыз өлкөсүндөгү университеттердин тышкы байланыш бөлүмдөрү аркылуу алса болот.

Университеттердин келишим баалары менчик, улуттук, мамлекеттик экенине жараша 2 миң доллардан 8-9 миң долларга чейин жетет.

Адегенде жеке каражаты, кийин KGSP программасы менен Түштүк Кореянын Сеул шаарында билим алып жаткан мекендешибиз Нурсултан Алтыбаев менен маектешип, бул өлкөнүн билим берүү системи тууралуу билдик. Анын айтымында, Кореяга окууга баруу үчүн эң ыңгайлуу программалардын бири - KGSP. Бирок аталган программа билимдүүнүн билимдүүсүн тандап алат, тапшыргандар көп, орун аз, атаандаштык күч. KGSP каалоочуларды 3 этап менен кабыл алат. 2 турунан өтүп, 3-турунан кулап калгандар да бар.

- Нурсултан, адегенде өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз?

- Мен Кара-Кулжа районунун Терек айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулуп чоңойдум. Ошол эле айылдан орто мектепти аяктап, андан кийин ОшМУнун мамлекеттик башкаруу адистигин бүтүрдүм. Студент кезде Кореяга окууга жиберип жатыптыр деп угуп калдык. Анын тиешелүү документтерин толтуруп, аракет кылдым. 2013-жылы өз каражатым менен Кореяга келип, Сеулдагы Ханян университетинде тил институтунда билим алып, корей тилинин эң жогорку баскычы - 6-деңгээлге чейин окуп бүтүрдүм.

Чынын айтсам, ошол 2 жыл ичинде окуу келишими менен 9 миң 600 доллар акча төлөдүм. Бирок мен бул каражатты ата-энемден же Кыргыз жериндеги туугандарымдан алган жокмун. Негизи Корея Республикасынын мыйзамы боюнча, иштегени келген адам иштеп, окуганы келген адам окушу гана керек. Мындан башка аракеттер мыйзамсыз деп саналат. Буга карабастан мен күнүнө 3-4 сааттык жумуш таап, окуп да, иштеп да жаттым. Албетте, бул үчүн уйкуну курмандыкка чалдым, суткасына 3-4 саат гана уктап жүрдүм.

Тил курсун толук бүткөндөн кийин Түштүк Кореянын өкмөтү каржылаган грантты утуп алып, 100 пайыз стипендия менен ошол эле университетке тапшырып, магистратураны аяктадым. Магистратурага KGSP программасы менен кабыл алындым. Ага жылына дүйнөнүн 100дөн ашуун мамлекетинен студенттер тапшырышат. Мен окуган университет Сеул шаарында, Кореянын алдыңкы 5 университетинин катарына кирген техникалык, менчик университетет. Кесибим дипломат - КМШ жана Корей таануу.

- Кыргыз өлкөсүнүн да жогорку окуу жайлары менен ал жактагы билим берүү системиндеги айырмачылыктар кандай?

- Кореядагы билим алуунун артыкчылыктары тууралуу айтсак абдан көп. Мен бир-экөөнү эле мисал кылайын. Аталган мамлекетте окуу үчүн чет элдик студент сөзсүз түрдө корей тилин билиши керек жана TOPIK (корей тили боюнча билим деңгээлин аныктаган тест) тапшырып университет талап кылган даражаны алышы шарт.

Кыргыз өлкөсүндө окуган башка улуттун өкүлдөрү кыргызча же орусча билбей окуп бүтүп кетишет. Бул жакта жергиликтүү элдин тилине кошуп маданиятын, салт-санаасын милдеттүү түрдө үйрөтүшөт.

Мындан тышкары окуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн: 24 саат бою китепкана иштеп турат, ар бир студентке иштегенге компьютер жана буюмдарын сактаганга кичинекей шкаф бар. Ар бир студентке жекече көңүл буруу, шарт түзүп берүү менен алардын алдыга жылуусуна шык беришет.

Түштүк Кореяда жалпысынан 350дөн ашык Кыргыз студенттер бар. Алар келишимдик, гранттык негизде, университеттин стипендиясы, профессордун стипендиясы, коомдук уюмдар берген стипендиялар жана университет аралык келишимдин негизинде окушат.

- Окуудан тышкары кандай жаңычылдыктарга туш болдуңуз?

- Түштүк Кореяда умтулуп, изденип, аракет кылып жашабасаң, бат эле элден чыгып калышың мүмкүн. Аталган өлкө, дегеле анын калкы бири-бирине атаандашып жашайт. Мисалы, жумуш орундун жетишпегенинен улам билимдүүлөр гана жакшы жумушка алынат. Мамлекеттик кызматтагы 1 орунга 1317 киши ат салышат. Мунун баары сени умтулууга, аракет кылууга жетелейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
pyeon hwa
2018-06-19 20:16:41
2010Жылы Посольсва аркылуу 7орун Универсситет аркылуу 7орун болчу! орун кобойбой азайып баратканбы( Ачуу чындыкты айтайын 6орундун 4-5ши чондордун балдары кетет!Башыман отконду айттым! Бакалаврды окуп келгем ушул прог аркылуу
+4
Erlan_95
2018-06-19 23:46:35
Отуш кыйын ал учун кучтуу окушун керек Бир классташ балам барып азыр окуп бутту Самсунг компаниясында иштеп атат отуп алсан степендиясы эле сени багып коет .
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан