Парламент жерлерди трансформациялоо мыйзамын жактырды

Кечээ, 20-июнда Жогорку Кеңеш жерлерди трансформациялоо мыйзамын жактырды.

Аталган маселе боюнча Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин төрагасы Айтмамат Назаров баяндама жасады. Анын айтымында, аталган мыйзам долбоору боюнча түзүлгөн макулдашуу тобунун курамы кеңейтилип, макулдашылган вариантты дыкат карап бир жыйынтыкка келишкен. "Мыйзам долбоорунда 2009-жылдын 31-июлуна чейинки сугат айдоо жерлерине салынып калган үйлөрдүн жер тилкелерин жана айыл өкмөттөрүнүн чечимдеринин негизиндеги жер тилкелерин трансформациялоого уруксат берүү маселеси каралган. Анда 40 миңге жакын үй жана 13 миң гектар жер тилкеси жөнүндө сөз болууда. Мында талаш-тартышты жараткан жерлер Чүй облусунун Аламүдүн, Сокулук райондорунда болгон. "Бул макулдашылган мыйзамга камтылбай, тескелбей калган жерлерди, үйлөрдү өкмөт сентябрда өзүнчө мыйзам долбоору менен алып келүүнү мерчемдеп жатат", - дейт Назаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (43)
gulzat85
2018-06-21 12:31:21
15 жылдан бери кезекте туруп,квартиралап жургондорго жер берилеби ошондо.жооп берип койгулачы?сураныч кыйналып кеттик жерге жетпей.
+2
Flowhive
2018-06-21 13:49:37
gulzat85,жер берилет деген башка, жер трансформация болуп сатылат деген башка
+2
gulzat85
2018-06-21 12:34:20
2009 жылы жер берилгенде айыл окмоту эле болуп алып кайра карапайым калкка кымбат сатышканын бары эле больше
+5
gulzat85
2018-06-21 12:35:41
Билишет
+3
ruslanz
2018-06-21 12:39:21
Биринчиден 30мин га сугат жерге уй салынып кеткенине мен дагы окунуп турам. Экинчиден ал жерлер мурунку през-дин тушунда кесилип кеткен. Учунчудон 40мин уйду турттуруп жатканды элестетип кордунбу? ал жерде бизге окшогон кишилер жашайт. Б.а мыйзам-дан башка жол жок,алар дагы уйлоруно документ алып,ага байланышкан иштерин бутуруш керек.
-5
Tokmokchu-1
2018-06-21 12:47:00
ruslanz, ну и что мурдакы президент убагында сатылып кетсе... Ошончо жердин баарын Бакиев сатпаган чыгаар?!! Ошол жерди саткандар журот арабызда эле...
+2
Tokmokchu-1
2018-06-21 12:50:20
Олкодо жерге жетпегендер толтура...

Мисалы менин айылымда да акыркы жолу элге 2008 же 2009-жылы жер болунуп берген элге. Ошондо да кезек жетпей, жерге жетпей калгандар толтура... Андан бери 10 жыл отту. Ошол 10 жылда уйлонуп, бала-чакалуу болуп, там салып болунууго муктаж болгондордун саны 10-20 эселеп осту... Кызыгы, 10 жылдан бери мамлекеттин элге берчу жеринен дайын жок, бирок сатыкта ошончо жер турат... Муну кандай тушунсо болот?!!
+3
Tokmokchu-1
2018-06-21 12:54:21
Мисалы Бишкектин айланасында да сатыкта ошончо жер бар, баалары асман чапчыйт. Ал эми мамлекет элге жер болуп берууго келгенде эмнегедир жер жок...

Анткени жергиликтуу бийлик, жогорудагы бийликтин оозун майлап, ошол жерлерди алып, анан эски дата менен акт тузуп элге берилди кылат да, бул "бизнестин" козун билген учунчу адамдардын колу менен бул жерлерди сатып жатат... 10 жылдан бери жерге жетпеген жарандар айласыздан сатып алууда бул жерлерди...
+2
Tokmokchu-1
2018-06-21 13:01:52
Бул койгой бут Кыргызстандын булун-бурчунда бар...

Бийлик контрабанда ташып бизнес кылса;

- тыштан карыз алып, анын жарымын ортодон жеп бизнес кылса...

- толгон токой кен байлыктарынан "доля" алып бизнес кылса...

- жерлерди элге жон болуп бербей, элдин жерин элге акчага сатып, жерден бизнес кылса...

Деги кайда бара жатабыз?!! Бул бардак жашоо качан токтойт?!!

Элге болуп берууго жер жок, сатыкта ошончо жер турса.

Наалат сага бийлик!
+2
bazarkyl
2018-06-21 14:30:01
Админ кайсы айыл өкмөтү, канча гектар маалымат болсо чыгарсаң ар катып кетмек экен
+2
bekmirzach
2018-06-21 14:30:23
Ушул маселе чечилип калса карапайым эл үчүн жакшы болот. кызыл китебин алаалбай жүргөндөргө бир топ жеңилдик болмок.
-5
Tokmokchu-1
2018-06-21 14:59:24
bekmirzach, жер сатып алып жатканда ойлонуш керек болуучу...

Мыйзамсыз жерге там салып алып эми документ кылып бергиле деп догурунуп журушуп, пара берип журушуп тилектерине жетиштиби?!! Уят, уят, жер басып алгандар да, мыйзамсыз жер сатканы да, жер сатып алганы да, аны мыйзамдаштырган 120 депутат да, баарынарга уят....

Баарын мыйзамды бузуп жатасынар, биринер баскынчы, экинчинер коррупционер, учунчусу пара беруучу, тортунчусу кылмышкерлерди калкалоочу чон паракор....
+2
take1984
2018-06-21 14:42:12
Канча деген адамдар үйү жок квартирада күн көрүп келишет үйүн сурдүрсө баягы кыргыздардын үйү жок калат анан силердин үйүнөргө батабы туура кылат суугат жер ансыз деле көп мисалы айылда иш жок шаарга келсен эптеп иш тапса болот анан кичине бир жер алса үй салса өзунун үйү өлөн төшөгу документти бар жер кымбат болгонда
-5
Tokmokchu-1
2018-06-21 14:55:37
take1984, Озу Кыргызстан тоолуу олко болсо, сугат жерлер болгону олко аймагынын 5%тин тузсо, каяктагы сугат жерлеринин коптугу?!!

Экинчиден Окмот 10-20 кабаттап уй салып, ынгайлуу шарттарда ипотекага берсе, баасын доступный кылып, тиги участок сатып алган, уй салган акчасына этаждан уй сатып алса болот го...

Эми ошондо сугат жерлерин басып алуу же мыйзамсыз жер сатып алып там салуу туура болгон дегин барбы?!!
+2
Tokmokchu-1
2018-06-21 15:04:21
take1984, Окмот жакшына кылып 10-20 этаждап уй салып берсе биринен бири кооз кылып, шаардын да архитектурасы бузулмак эмес, Бишкек кароосуз калган чоон айыл кейиптенбей. Ошол 13 мин гектар жердин ордуна 100-200 гектар жер жетмек, 40 мин тутун уй-булону турак жай, мектеп, бала-бакча менен камсыз кылууга...


+2
Tokmokchu-1
2018-06-21 15:20:36
Жогорку Кенеш бугун оздору коррупцияга жол ачкан мыйзамды колдоп берген болсо мен тан калбайм...

Мисалы ошол 13 мин гектар жердин 1000 гектарын жон гана кошуп койду дейли, эми ошол 1000 гектар жердин озунон эле бийлик жен ичинен болжол менен 200-300 миллион доллар "бизнес" кылса болот экен, эми ошондо ар бир депутат 100 мин доллардан пара алып колдоп берди дегенде да, бул бийликтин чооон "бизнеси"...

+1
NURTILEK_KG
2018-06-21 15:24:22
Анча эл жашаган жерди кантип сурдуруп салмак эле ойлоп корсонор 40 мин уйдо канчалаган адам жашайт андай жерди сурдурсо ХХХХХХХХХХХХ
-3
Tokmokchu-1
2018-06-21 15:32:35
NURTILEK_KG, Жер мыйзамсыз болсо сурдуруп салса болот, ошончо адам жер сатып алганда эмнени ойлонду эле?!!

Эгер мен президент болсом

1) ошол жер сатууга тиешеси бар бардык кызматкер жана жетекчилерди каматып, жегендерин кустурмакмын...

2) Бишкектин бир четинен 100-150 гектар жер болдуруп, ошол жерге коп кабаттуу уйлорду тургуздурмакмын, жанында бала-бакча, мектеп, дукондору бар...
+3
Tokmokchu-1
2018-06-21 15:36:00
NURTILEK_KG,
3) Ошол 40 мин тутун уй-булого ошолорго деп салынган коп кабаттуу уйлордон квартиралар берилмек, курулуп буткон сон, жарым баасына ипотекалык негизде...

4) Ошол 40 мин тутун уй-булого бир жыл убакыт берилмек, жаны квартираларына кочуп, эски уйлорун бузуп, курулуш материаодары ж.б.сатып алууга. Бир жылдан сон бут мыйзамсыз уйлор сурдурулуп, тазаланып, сугат талаага айлантуу иштери жургузулмок...

Бул утопия эмес, жасаса болчу эле нерселер...
+2
Tokmokchu-1
2018-06-21 15:25:26
Мен бул мыйзамдын кабыл алуусунун артында чоон коррупция бар деп ойлойм... Бул мыйзамды кабыл алууга депутаттар оздору кызыкдар болушкан...

Болбосо 13 мин гектар деген жер онор коп жерби?!! Же элдер гектар гектарлап жер басып алып там салды беле, 13 мин гектар жерди трансформация кылгыдай...

Бул мыйзамдын артында чооон жер "бизнеси" турат менимче, бери болгондо 2-3 мин гектар жердин "бизнеси", болбоду дегенде....
+1
Tokmokchu-1
2018-06-21 15:42:32
40 мин тутун 13 мин гектар жерге жайгашканы менимче абсурд.....

Бул боюнча журналистикалык иликтоо жургузулсо жакшы болмок...

Биринчиден 40 мин уй-було мыйзамсыз жерге турак жай салып жатканда бийлик каякты карап турду?!

Экинчиден 13 мин гектар жерге мыйзамсыз турак жай курулганы чындыкка окшобой жатат...

Учунчудон эмне учун куноолуулорду таап жоопко тартуунун ордуна ошончо жер трансформацияланып отурат?!!

Кыскасы бул боюнча терен иликтоо керек.
+1
Stels
2018-06-21 19:17:41
40 мин үй ,ар бири 4 сотыхтан эсептегенде +жолдорун кошкондо 2000 (эки миң) гектарга жетпеген жерге батат.13 миң гектар бул 130 квадрат километр .Тактап айтсак бул жерге Бишкек өзү жана айланасындагы бүт новостройкалар батат.А Бишкекте 1 миллион адам жашайт . 13 миң га ,бул жаңылыштык го же бул жерде бир нерсе бар!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан