КҮНСОБОЛ: Фарид Ниязов кеткенден бери президенттин аппарат башчысынын орду бош турат. Татыктуу кадр жокпу же башка себеби барбы?

Тектеш кабарлар: КҮНСОБОЛ (404 материал)

Быйыл 7-мартта Фарид Ниязов президенттик аппараттын жетекчилигинен кеткен. Анын ордуна келген Мухаммедкалый Абылгазиев көп өтпөй эле премьер-министр кызматына дайындалган. Ошол убакыттан бери президенттик аппарат башчысынын орду бош турат. SUPER.KG порталы "Президенттик аппараттын башчысы кызматына татыктуу кадр жокпу же башка себеби барбы?" деген собол салды.

КАЗАКБАЕВ: “Президенттин командасы жок, али даяр эмес”

Саясат таануучу Марат Казакбаевдин айтымында, президенттик аппараттын башчысы кызматынын бош калышы туура эмес.

“Фарид Ниязов кеткенден бери бир топ убакыт өттү, негизи өлкө башчы аппаратынын жетекчилигине тез эле башка адамды коюш керек болчу. Учурда суроолор башталды, президент өзүнүн адамдарынан эле коюп койсо болмок. Президент мурунку аппарат башчысын кетирди, эми өзүнүн командасы менен келиши керек болчу, а бирок командасы жок, даяр эмес. Бизде президенттер командасы жок эле келишет, ошондуктан ушул маселелер жаралып жатат. Анын үстүнө бизде кадр саясаты да жок. Ортодо ал кызматтын узак убакытка бош калуусу туура эмес”, - деди Казакбаев.

БАКЕТАЕВ: "Президенттик аппаратка эл ичинде аброю бар жетекчи келиши керек"

Саясий серепчинин пикиринде, президенттик аппараттын жетекчилигине таза адамды коюш өтө кыйын. "Аябай татаал суроо экен. Бул өтө жооптуу кызмат болгондон кийин президент азыр кадрларды тандап жаткан окшойт. Президенттен кийинки эсептелген бул кызматка эл ичинде аброю бар, таза жетекчи келиши керек. Бизде саясатта жүргөндөрдүн арасында бир дагы таза киши калбай калды. Азыр саясатчылардын көпчүлүгүнүн кыңыр иштери бар же жалаа жабылгандар. Президенттик аппараттын жетекчилигине таза адамды коюш өтө кыйын. Таза кишилер аз. Ошондуктан аталган кызматка кадр тандоо кыйын болуп жатса керек", - деген оюн билдирди Бакетаев.

КАРАШЕВ: "Президенттин аппарат жетекчиси ар тараптуу изилденип, тандалып жатат деген ойдомун"

КСДП фракциясынан депутат Аалы Карашевдин айтымында, президенттин аппарат жетекчиси кызматына татыктуу кадрлар бар. "Бул түз эле мамлекет башчыбыздын укугу. Учурда аппарат жетекчиси кылдаттык менен ар тараптуу изилденип, тандалып жатат деген ойдомун", - дейт Карашев.

САРИЕВ: "Президенттик аппараттын жетекчилигине кадр таппай жатышса керек"

Саясий серепчи Марс Сариев бул кызматка татыктуу кадрды издеп жатышса керек деген пикирде. "Президенттин аппарат жетекчиси кесипкөй болушу зарыл. Андай кадрды издеп таппай жатышса керек", - деди Сариев.

ТУРДУКУЛОВ: "Президенттин аппарат башчысы дайындалбай жатканына президент жооп бериши керек"

Жарандык активист Адил Турдукулов бул маселе чечилиши керектигин, президент өзү да бул маселенин чечилишине кызыкдар болушу керектигин белгиледи.

"Бул туура коюлган суроо, анткени президенттин ишин алдыга жылдырган президенттин аппараты болуп эсептелет, анан ошол жердеги башкы фигура - аппарат жетекчиси. Бүгүнкү күнгө чейин ал кызматка эч ким дайындалбаганы суроо жаратат, буга биринчи кезекте президент өзү жооп бериши керек, толук жоопту өзү билет.

Менимче, президент техникалык фигураны коёмбу же саясий фигураны коёмбу деген тандоонун астында турат. Себеби саясатта президенттин аппарат жетекчиси өзүнчө бир саясий оюндарды жүргүзүп кеткен учурлар да болгон, президент ушул жагынан да кооптонуп жаткан болуш керек. Дагы бир жагы тажрыйбалуу, ишти алдыга сүйрөп кеткен адамды да таппай жаткан болушу мүмкүн. Бирок айтып коюш керек, бул маселе эртерээк чечилиши керек, президент да буга кызыкдар", - деди Турдукулов.

Аталган собол менен Жогорку Кеңештин депутаттары Анвар Артыков, Кожобек Рыспаев, жарандык активист Эдил Байсаловго кайрылганыбызда, алар жооп берүүдөн баш тартышты.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан