Кыргыз мамлекетинде кылмышка шектүүлөрдү, айыпталуучуларды камакта кармоого тоскоол болгон оорулардын тизмеси бекитилди

Кыргыз мамлекетинде кылмышка шектүүлөрдү, айыпталуучуларды камакта кармоого тоскоол болгон оор оорулардын тизмеси бекитилди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өкмөттүн тийиштүү токтомуна премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Тизме мекемелер аралык жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан, анын курамына Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын тар чөйрөдөгү адистери кирген.

Оор оорулардын тизмеси:

  • Кургак учуктун айрым түрлөрү жана формалары;
  • Дарылоодон натыйжа болбой тез өсүп бараткан көздүн жана анын алдынын, мээнин, жүлүндүн, баш сөөк мээ нервдеринин залалдуу шишиктери;
  • Эндокриндик системинин ооруларынын түрлөрү;
  • Өнөкөт жана узакка созулган психикалык оору;
  • Нерв системинин жана сезүү органдарынын ооруларынын түрлөрү;
  • Кан айлануу органдарынын ооруларынын түрлөрү жана формалары;
  • Тамак сиңирүү органдарынын ооруларынын түрлөрү;
  • Терминалдык стадиядагы өнөкөт бөйрөк кемчилдиги менен бөйрөк оорулары.

Аталган токтом 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан