Бүгүн, 26-июнда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине мүчө болгон депутаттар жумушчу топ түздү.
Аталган депуттаттык жумушчу топ Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун курулушун иликтөө максатында демилгеленди.
Депутат Улугбек Ормонов аталган жол курулушунун айланасында сындар көбөйгөнүн айтып, тармактык комитет катары тыкыр иликтөө жүргүзүү керектигин сунуштады. "Бул курулуш боюнча коомдо ар кандай маалыматтар айтылууда. Акчаларды жеп койгон дегендер да бар. Ошолорду аныктоо максатында жумушчу топ түзүп, курулуш менен жеринен таанышалы. Мен бул топко комитеттин бардык мүчөлөрүн кошууну сунуштайм. Ошондой эле депутат, мурунку транспорт министри Кубанычбек Жумалиев топко башчылык кылышы керек деген ойдомун", - деди Ормонов.
Добуш берүүнүн жыйынтыгында Ормоновдун сунушу кабыл алынды.