Сооронбай Жээнбеков чиновниктердин кирешелери качан текшериле турганын айтты

"Кыңыр иш 40 жылда билинет" дейт элибиз. Азыркы технологиялар заманында уурулук тез эле ашкере болот. Мамлекеттин укуругу узун. Жооп берчү күн келерине эч кимдин күмөнү болбосун!" – деп президент Сооронбай Жээнбеков парламент жыйынында кайрылуу жасап жатып айтты.

Өлкө башчысы аткаминерлердин тапкан кирешелерин текшерүү жакында баштала турганын билдирди. "1-июлдан баштап президенттик аппараттын, өкмөттүн, Жогорку Кеңештин, сот жана укук коргоо органдарынын декларацияларын текшерүү башталат. Бул коррупцияга каршы кадамдын олуттуу компоненти. Ар бир аткаминер таман акы, маңдай тери менен тапкан кирешесине жараша жашасын. Жакындарына жаздырып, мыйзамсыз байлыгын жашыргандардын чыгымы ачык болуп, аткаминердин таза иштөөсүн камсыз кылчу механизмдерди киргизүү зарыл”, - деди президент.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан