Бишкектеги №2-төрөт үйүнүн алдында келин көз жарды. Бул тууралуу социалдык тармактарда видео тарап, интернет колдонуучулар кызуу талкууга алышты.
Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен Раиса Асылбашева төмөндөгүлөрдү билдирди.
"Бүгүн, 3-июль күнү болжол менен саат 11:15 чамасында №2-төрөт үйүнүн короосунда келин көз жарды. Келин төрөтканага өз алдынча келген. Келген учурунда суу кетип, төрөтү жакындап калган. Негизи төрөт үйү оңдоп-түзөө иштерине жабылгандыгы тууралуу маалымат алдын ала айтылган. Ар бир медициналык пункт аларда каттоодо турган кош бойлууларды бул тууралуу кабардар кылышы керек болчу. Азыркы тапта ошол эле №2-төрөт үйүнүн нөөмөт бөлүмүндөгү кызматкерлер бейтапка жана ымыркайга тийиштүү жардамдарды көрсөтүүдө", - дейт Асылбашева.
Эскерте кетсек, буга чейин министрлик жыл сайын пландык иштердин негизинде кезек-кезеги менен төрөтканалар оңдоп-түзөө үчүн жабыларын, ал эми жабылган төрөтканаларда каттоодо турган кош бойлуулар башка төрөтканаларга бөлүнөрүн айткан. Бул тууралуу бардык тийиштүү кызматкерлерге жана "Тез жардам" кызматына маалымдалганын билдирген.