Сапар Исаковдун жактоочусу: "Сот тергөөчүлөр мага материалдардын көчүрмөлөрүн бербесин деген чечим чыгарды"

Бүгүн, 4-июлда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун ишине байланыштуу соттук отурум өттү. Анда судья Эрнис Айбек уулу "тергөөчүлөр жактоочуларга материалдардын көчүрмөлөрүн бербесин" деген токтом чыгарды. Бул тууралуу Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов билдирди.

"Сот өзүнүн чечимин "жактоочу тергөөчүлөрдөн материалдарды талап кылышы үчүн айыпталуучу өзү мындай талап менен кайрылыш керек" деп түшүндүрдү. Ошентип Эрнис Айбек уулу өзүн укук коргоо органдарына баш ийген жана саясий буйрукка ылайык иштеген судья экенин көрсөттү. Мен үчүн тергөөнүн жана айыптоо органынын мындай аракеттери айыптоонун алсыздыгын жана (айыпталуучу менен жактоочунун укуктары толук ишке ашкан күндө) ишти тергөөнү жасай албагандыгын билдирет", - деп жазды Токтакунов.

Эске салсак, Сапар Исаковго 29-май күнү "коррупция" беренеси менен айып тагылган. Бир нече жолу суракка чакырылгандан кийин ал 2 айга камакка алынган. Бишкектин Биринчи Май райондук соту Исаковдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, УКМКнын СИЗОсуна тергөө бүткөнгө чейин камоо чечимин кабыл алган.

Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөөчүсүнүн үстүнөн сотко арыз берген. Ал Сапар Исаковдун ишин тергеп жаткан УКМКнын тергөөчүсү аталган иш боюнча материалдардын көчүрмөсүн бербей койгондугу үчүн арызданганын айткан. "Бул кадам Кылмыш-жаза кодексине каршы келет. Бул УКМКнын тергөөчүнүн статусунун маанисин билбейт дегенди түшүндүрөт", - деген жактоочу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Petrovka
2018-07-04 23:18:55
Эрнис Айбек уулу Текебаевди соттогон судья беле. Жашоо бумеранг деп коюшабы.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан