Ырчы Арсен сүйүктүүсү Бегайымга күтүүсүз белек жасады

Кыргыз эстрада ырчысы Арсен сүйүктүүсү Бегайымга шакек тагып, күтүүсүз белек жасады. Ырчы мындай сунушту сүйүү баян тартуу учурунда жасаган. Ал эми Арсендин менеджери Миргуль Эсеналиева SUPER.KG порталына буларды билдирди.

"Арсен менен Бегайым алдыда боло турган үлпөт тойго сүйүү баян тартып, тойго даярданып жатышат. Ошол процесс учурунда Арсен сүйүктүүсүнө күтүүсүздөн шакек белек кылды. Негизи ар бир эле кыз болочок жолдошунан ушундай романтикалуу сунушту күтөт эмеспи. Мындай мезгил өмүрдө бир эле жолу келет. Ошондуктан Арсен бул нерсени эске алып, баары чечилсе дагы Бегайымга официалдуу түрдө сунуш киргизди", - дейт ал.

Белгилей кетсек, ырчы "Супер-Инфого" 18-июлда үйлөнөрүн билдирген.

Арсен сүйүктүүсүнүн колун сурады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
bayhan
2018-07-06 12:05:03
Бактылуу болгула! бирок ушуга окшогон мелочь нерселерди элге жарыя кылбай эле койсоңор болмок, буга окшогон белекти ар бир эркек кылып эле жүрөт, мен таңкалаарлык эчнерсе көргөн жокмун. Аман эле болгула.
+31
Kychtyy
2018-07-06 12:10:44
Устудогу комент жазгандарга кошулам и ойлорун болушом. Оздук жашоону чыгарышып не кылышат тынч эле жашай беришсе болбойбу. Романтик эле жакты тим эле мындай киши жок,анан мындай кы бир эле менде бар деп атышып эле эртеси ит мышык болушуп кайра эле гезит бетине чыгышат. Бактылуу болгула дейм дечи бирок кереги жокго дейм буга окшогон майда создор. Ильязды сыйлайм эч уйбулосу боюнча ашыкча эч бир соз кылбайт
+31
Modric10
2018-07-06 12:14:16
Арсен жонундо айта берсен соз коп.бирок бир соз голос 0.укканга каалоо жок
+17
Dembele84
2018-07-06 13:15:49
Биз элитный ырчыларбыз-деп башка ырчылардан озун бийик сезгенине куйосун.Бир норма ыры болсо олойун!
+13
Water
2018-07-06 13:21:03
Бактылуу болгула, Арсен озу деле толкунданып кызарып кетти го беттери. Жакшы, жакшы, жакшы!
-11
Bayazet
2018-07-06 13:37:10
Бул Арсен дегени ким эле таныбайткем
+12
Dembele84
2018-07-06 14:01:30
Bayazet,Лучше тааныбай эле кой )))
+13
zhykyo
2018-07-06 16:39:52
Учу чуууу уялып кеттим
+2
magira
2018-07-06 21:17:31
Оозундан жакшы соз чыкпаса унчукпа!!!!Арсен,Бегайым бактылуу болгула!!!Терс айтылган ойлорго конул бурбагыла.Ит уро берет,кербен журо берет...
-10
surgeon777
2018-07-06 21:37:10
Элдерге окшоп ызы-чуусу жок эле сьемка учурунда эле берип коюптур го,неге мынча недовольныйсынар,опкосу жок болсо журмок да оптонуп жолдун ортосуна столик свеча шампанский кое коюп)))
Кызын ажарлуу экен,бактылуу болгула!
-6
Janna07
2018-07-06 22:56:30
Ким бул
+6
Dembele84
2018-07-07 18:23:39
Janna07,Жакшы суроо берипсин,молодец!)))
+1
albinochka2015
2018-07-07 00:38:40
Олуп эле калгыла жакшы с озунорчу аяп. ..мен Арсендин ырларын суйуп жыргап козуму жумуп эргуу менен угам...соонун оригинал уну бар...Арсендин тууганы же таанышы жазып жатат деп ойлобогула. ..омурумдо корбогом. Мен жонокой эле кыргыз кызымын..Эки жашка бакыт узун бактылуу омур каалайм...алтын башынар бир жаздыкта агарсын. ..
-7
Dembele84
2018-07-07 18:25:29
albinochka2015,Сен уксан башкасы укпайт экен,кээлерине жакпайт экен,кээлери тааныбайт экен дегендей
+1
Aikaaaa
2018-07-07 09:06:59
Досторунун арты менен эле ырчы болуп, каңылдап жүрөт окшойт. Үн дегенден эчтемке жок. Эми бактылуу болгула
0
guli.82
2018-07-07 23:15:49
Такыр эстей албай жатам, кайсы ырларды ырдаганын
+1
Djal1987
2018-07-08 03:26:50
Озунун карындашына карап кыздарга сын такпайбы??? Карындашы кичине эле сулуурак болсо дуйнону куратмак суусатып. Ар интервьюда ар башка суйлойт.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан