Депутат Осмонбек Артыкбаев кайсы ооруканага жаткырылганы белгилүү болду.
Улуттук кардиология борборунан SUPER.KG порталына билдиргендей, Артыкбаевдин ооруканага түшкөнүнө бир жума болгон.
"Ал учурда дарыланууда, дагы текшерүүдөн өтүшү керек. Ооруканадан качан чыгары белгисиз", - деп билдиришти.
Саламаттыкты сактоо министрлиги Осмонбек Артыкбаев өлкөдөгү эч бир ооруканага түшпөгөнүн айтып, айрым жарандар өздөрү тууралуу маалыматты жашырып коюшарын, ошол себептен маалымат түшпөй калуусу мүмкүн экенин билдирген.
Ошондой эле Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Александра Олексюк да SUPER.KG порталына Осмонбек Артыкбаев ал ооруканага түшкөн эместигин айткан.
УКМК ооруканага которулганын айтканы менен кайсы ооруканага, качан которулганын айтуудан толугу менен баш тарткан.