11-июлда Ноокат районундагы Найман суу сактагычына 18 жаштагы С.Б. аттуу бала чөгүп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, 18 жаштагы баланын сууга чөгүп кеткени боюнча маалымат саат 15:30 чамаларында келип түшүп, кырсык болгон жерге 10 куткаруучу жиберилген. Издөө иштеринен натыйжа болбогондуктан саат 21:45те издөө аракеттери убактылуу токтотулуп, бүгүн издөө аракеттери улантылууда.
Министрликтин 10-июлда тараткан маалыматына караганда, жайкы эс алуу учурунда сууга чөгүп каза болгондордун саны 36га жеткен.