13-июлда Бишкек шаардык кеңеши мэр Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. Андан бери 3 күн өтүп, калаа башчысы кызматына талапкер катары ар кандай ысымдар аталууда. Мыйзамга ылайык, мэрликке талапкерди көрсөтүү укугу шаардык кеңештин фракцияларында, коалицияларында жана премьер-министрде бар. Мэр жашыруун добуш берүү аркылуу шайланат.
Айрым булактарга таянсак, мэрликке төмөнкү адамдардын талапкерлиги көрсөтүлүшү мүмкүн. Алар:
1) Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Иса Өмүркулов. Ал 2010-жылдын апрелинен 2011-жылдын февралына чейин Бишкек шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу, ал эми 2011-жылдын февралынан 2013-жылдын 5-декабрына чейин Бишкек шаарынын мэри болгон. 2015-жылдын 4-октябрында КСДПнын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.
2) Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев. Ал 2012-жылдан тарта шаардык кеңештин акыркы 2 чакырылышынын депутаты. 2017-жылдын декабрь айында аталган кеңештин төрагасы болуп шайланган.
3) Экс-депутат Нариман Түлеев. 2008-2010-жылдары Бишкектин мэри кызматын аркалаган. 2010-2013-жылдары Жогорку Кеңештин "Ата Журт" фракциясынан депутат болгон. 2012-жылы Түлеев "мэр болуп турганда Кытайдан автобустарды алып келүү иштеринде мамлекетке ири көлөмдө зыян келтирген" деп айыпталып камакка алынган. 2013-жылы 29-июлда Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Түлеевди мүлкүн конфискациялоо менен 11 жылга эркинен ажыраткан. 2014-жылдын 23-декабрында шаардык сот, 2015-жылдын 30-ноябрында Жогорку Сот ал чечимди күчүндө калтырган. Бирок соттолгонуна 2 жыл 10 ай гана болгонуна карабастан, Нариман Түлеев 2015-жылы 7-май күнү кечинде күтүүсүз жерден абактан бошотулган. Анын иши эки ирет мунапыска дал келип, Түлеев сот тарабынан коюлган айыпты (келтирилген чыгымды) толугу менен төлөгөн соң эркиндикке чыккан.
4) Жогорку Кеңештин "Ата Журт" фракциясынан экс-депутат Азиз Суракматов. Ал 2008-2010-жылдары Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, 2010-2015-жылдары парламенттин депутаты болгон.
5) Саясатчы Темир Сариев. Ал 2015-2016-жылдары Кыргыз Республикасынын премьер-министри болгон. 2017-жылы президенттик шайлоого катышып, 43,3 миң добуш (2,55 пайыз) топтоп 4-орунду ээлеген. Учурда мамлекеттик кызматта иштебейт.
6) Бишкек шаардык кеңешинин экс-депутаты Жамалбек Ырсалиев.