Молдовановкада абак кайтаруу учурунда өзүн-өзү атып алган жоокер эсине келди. Бул тууралуу 18-июлда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз бөлүмүнөн кабарлашты. Маалым болгондой, жоокердин учурда абалы турукташып, Чүй облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнөн Улуттук госпиталдын жалпы палатасына которулду.
Эске салсак, 13-июлда Чүй облусунун Молдовановка айылындагы №1-түзөтүү абагын кайтарган 21 жаштагы А.М. аттуу жоокери кызмат учурунда өзүн атып алган. Ок жоокердин кекиртегинен жогору карай атылган.