Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовду кызматтан кетирүү боюнча токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өкмөттөн билдирди.
Бишкек шаардык кеңешинин токтому 16-июлда өкмөткө түшкөнү белгилүү болгон.
Эске салсак, 13-июлда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. Шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев билдиргендей, өкмөт башчы 3 иш күндүн ичинде шаардык кеңеш жөнөткөн токтомду карап чыгышы керек. Эгерде мэрге ишеним көрсөтпөө чечимин колдосо, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо күнүн белгилейт.
Албек Ибраимовго "Дастан" ишканасын жетектеп турган учурда болгон сатып алуулар боюнча кылмыш иши козголгон.
Бүгүн, 19-июлда Ибраимов УКМК тарабынан кармалды.