Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 8-август күнү өтөт

Бишкек мэрин шайлоо 8-август күнү өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 23-июлда Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги отурумунда белгилүү болду.

Эске салсак, 13-июлда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. 19-июлда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ибраимовду кызматтан кетирүү токтомуна кол койгон.

Албек Ибраимовго "Дастан" ишканасын жетектеп турган учурда болгон сатып алуулар боюнча кылмыш иши козголгон. 19-июлда Ибраимов УКМК тарабынан кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан