Бишкек шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция Азиз Суракматовду мэрликке талапкер кылып көрсөттү (өмүр баяны)

26-июлда Бишкек шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция Азиз Суракматовду мэрликке талапкер кылып көрсөттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына шаардык кеңештин депутаты Жумабек Салымбеков билдирди.

25-июлда шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев жана фракция лидерлери кафеде жолукканы белгилүү болгон. Социалдык түйүндөрдө жолугушууда мэрлик кызматка Азиз Суракматовду талапкер катары көрсөтүү боюнча сүйлөшүүлөр болгону божомолдонгон.

Эске салсак, 13-июлда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. 19-июлда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ибраимовду кызматтан кетирүү токтомуна кол койгон.

Албек Ибраимовго "Дастан" ишканасын жетектеп турган учурда болгон сатып алуулар боюнча кылмыш иши козголгон. 19-июлда Ибраимов УКМК тарабынан кармалган.

Борбордук шайлоо комиссиясы мэрди шайлоону 8-августка белгилеген.

Буга чейин SUPER.KG порталы айрым булактарга таянып, мэрликке талапкерлиги көрсөтүлүшү мүмкүн болгон адамдарды тизмектеп чыккан.

Мыйзамга ылайык, Бишкек шаарынын мэри кызматына талапкерди сунуштоо укугу шаардык кеңештеги фракцияларда, коалицияларда жана премьер-министрде бар.

Суракматовдун өмүр баяны

Азиз Суракматов 1971-жылы 22-ноябрда Бишкек шаарында туулган. Ал 1994-жылы Кыргыз архитектуралык курулуш институтун инженер-куруучу адистиги боюнча бүтүргөн.

1996-жылы Кыргыз улуттук университетинен юрист адистиги боюнча билим алган.

1994-1995-жылдары - “Шоола” ишканасынын өндүрүш мастери;

1995-1996-жылдары - “Кыргызпотребсоюз” Бишкек ПМКсында өндүрүш мастери;

1996-1999-жылдары - Бишкек башкы архитектурасында инженер;

1999-2000-жылдары - “Консалтингдик-эксперттик фирма” ЖЧКсынын директору;

2000-2002-жылдары - Бишкек шаарынын мэриясында башкы адис;

2002-2008-жылдары - Бишкек башкы архитектурасында башкы архитектордун орун басары;

2008-жылдын ичинде - Бишкек шаары боюнча Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөл башкармалыгынын башчысы;

2008-2010-жылдары - Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы;

2010-жылы - “Ата Журт” саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган.

Учурда КСДПнын тизмесинде 54-орунда турат.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан