Кечээ, 27-июль күнү Беларустун жалпыга маалымдоо каражаттары Кыргыз өлкөсүнүн мурдагы премьер-министри, издөөдө жүргөн Данияр Үсөнов тууралуу маалымат жана анын сүрөтүн жарыялаган. Анын учурда "Беларусь улуттук биотехнология корпорациясы" ЖАКсын жетектей тургандыгы, Данияр Үсөнов өзүн Даниил Урицкий деп тааныштыргандыгы кызуу талкууга түшүп жатат.
Жогорудагы маалыматка улай, Беларустун "naviny.by" маалымат порталы Урицкийден комментарий алганын билдирген. "Сиз чындап эле Кыргыз өлкөсүнүн мурдагы өкмөт башчысы болосузбу?" деген суроого ал "Кыргыздардан сурап алгыла" деп жооп берген. Башка суроолорго жооп берүүдөн Данияр Токтогулович Үсөнов-Даниил Тимурович Урицкий баш тарткан. Бирок ал журналисттерге Даниил Урицкий деген аты-жөнү жазылган Беларустун паспортун көрсөткөн. "Демек, сизди Данияр Үсөнов деп жаткандардын маалыматын анда четке кагасызбы?" деген суроого жоопту так айткан эмес. Бирок артынан эле "Мен Кыргыз Республикасынын премьер-министри болгон Данияр Үсөновду 2013-жылы Малайзияда каза болгон деп уккам" деген Даниил Урицкий.
Данияр Үсөнов 2009-жылдын 21-декабрынан 2010-жылдын 7-апрелине чейин Кыргыз мамлекетинин премьер-министри болуп турган. Ал бул кызматта турганда жылуулук жана электр энергиясынын тарифи жогорулаган. Апрель окуясынан кийин чет жакка чыгып кеткен. 2014-жылы Апрель окуясы боюнча "Ала-Тоо" аянтындагы элди атууга катыштыгы бар деп Үсөнов сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылсын деген өкүм сот тарабынан чыккан.
Анын жубайы Динара Исаева Жогорку Кеңештин 5-чакырылышына "Ата Журт" партиясынын тизмеси менен депутат болуп шайланган. Учурда "Республика-Ата Журт" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты. Айрым маалыматтарга караганда, Динара Исаеванын Данияр Үсөнов менен ажырашып кеткендиги айтылат.