Сокулук районунда ооруканада дарыланып жаткан 51 жаштагы Жоомарт Курамаевди дарыгерлер кечээ, 1-августта ордунан таппай калышкан. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Курамаевдин карындашы билдирди.
"Агамды кечээ, саат 17:00дө дарыгерлер таппай калышып, дароо уулуна чалышыптыр. Ошондон бери дайыны жок, коомчулуктан табышууга жардам сурайбыз", - деди ал.
Айтымында, Курамаев сыркоолоп Нарын облусунун Кочкор районунан келген. Оорукананын неврология бөлүмүндө дарыланып жаткан. Төрт баланын атасы.
"Жеңебиз 5 жыл мурун каза болуп калган. Балдары, туугандары издеп, милицияга да кайрылдык, азырынча жыйынтык жок. Бул жакта досторуна кетти дейин десек, бизден башка эч кимди тааныбайт, болгон тааныш-туугандарыбызга кабар жөнөттүк, дайыны белгисиз болууда", - деди карындашы.
Ал белгилегендей, дарыгерлер бейтаптын дайынсыз экенин кабарлап телефон чалганга чейин Жоомарт Курамаевди көрүү үчүн эжеси менен уулу ооруканага барган. Анда ал үстүнө жука, көк түстөгү футболка, спорттук шым, бутуна жайкы бут кийим кийип жүргөн. Дене түзүлүшү арык-чырай, чачтары агарып калган.
Көргөн-билгендер болсо Курамаевдин жакындарына төмөнкү номерлер аркылуу байланышса болот:
0552 586 003; 0702 54 32 07; 0778 22 47 45; 0703 42 56 26.