Жоокерлердин өлүмүнө байланыштуу аскердик бөлүктөр, Кайтаруу жана күзөтүү департаменти текшерүүгө алынат

Жоокерлердин өлүмүнө байланыштуу аскердик бөлүктөр жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы Кайтаруу жана күзөтүү департаменти атайын комиссия тарабынан текшерилет. Комиссия түзүү чечими Коопсуздук кеңештин жыйынында кабыл алынганын SUPER.KG'ге 3-августта ЖАМКнын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова кабарлады. Анын белгилешинче, комиссияга өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн кызмат адамдары кирет.

"Комиссия түзүү чечими кабыл алынды, эми күч түзүмдөрүнүн адамдарынан турган комиссия түзүлөт. Алар аскердик бөлүктөр менен биздин кызматтын алдындагы Кайтаруу жана күзөтүү департаментин текшерет. Себеби эки айдын ичинде биздин департаменттин эки жоокери ок атуудан каза болуп, бирөө жаракат алды. Андан сырткары башка аскердик бөлүктөрдө да бири-бирин сабап койгон фактылар бар. Ошондуктан комиссия жаңы жоокерлерди кабыл алууда алардын даярдыгы жана аскерге кимдер тартылышы керек деген маселени карайт", - деди Сабатарова.

Белгилей кетсек, 6-июнь күнү Сокулук районундагы №19-абакты кайтарып жаткан 18 жаштагы жоокер автоматты ээгине такап өзүн атып, каза болгон. Андан көп убакыт өтпөй эле Аламүдүн районундагы №1-түзөтүү абагында күзөттө турган 21 жаштагы жоокер Калашников үлгүсүндөгү курал менен өзүн атып алган. Ок жоокердин кекиртегинен өйдө карай атылган. Учурда Улуттук госпиталдын жалпы палатасында дарыланууда. Бул боюнча Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы жоокер курал колдонуу эрежесин сактабагандыгы жана куралга шалаакы мамиле кылганы үчүн өзүн-өзү атып алган деп билдирген.

31-июль күнү да Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин 19 жаштагы жоокери өзүн-өзү атып алып каза болду. Факты Ленин райондук сотунун имаратындагы болгон. Ал дааратканага кирип, Макаров үлгүсүндөгү тапанча менен өзүн башына аткан.

Учурда жогорудагы фактылар Бишкек гарнизондук Аскер прокуратурасы тарабынан тергелип жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Atas
2018-08-03 19:34:24
Баары бир куну жакшы болот текшеруу кеткенден кийин баарыбир эски кейпин киет да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан