"Авиатраффиктин" авариялык конууга аргасыз болгон учактары боюнча комиссиялык топ түзүлдү

"Авиатраффик" компаниясынын авариялык абалда конууга аргасыз болгон учактары боюнча Жарандык авиация агенттигинде комиссиялык топ түзүлдү. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 7-августта Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Бегайым Канат кызынын айтымында, комиссиялык топ учурда авариялык конууга эмне себеп болгондугун текшерип жатат.

"Агенттик учактардын авариялык конууга түрткү болгон жагдайларын карап жатат. Анын жыйынтыгына жараша министрлик тарабынан чара көрүлөт", - деди Канат кызы.

Кыргыз өлкөсүндөгү "Авиатраффик" компаниясы 2003-жылы негизделип учурда 7 учагы бар. Анын экөө ички каттамга, бешөө эл аралык каттамга жүргүнчү ташыйт.

Белгилей кетсек, аталган компанияга тийиштүү учак бир айдын аралыгында эки ирет авариялык абалда конууга аргасыз болгон. Тактап айтканда, 29-июль күнү 89 жүргүнчүсү менен Ош шаарынан Түркиянын Анталия шаарына сапар алган учак техникалык мүчүлүштүктөн улам Бишкекке конгон. Бир аптадан кийин эле аталган компаниянын Бишкек-Анталия багытындагы учагы 111 жүргүнчүсү менен ушундай абалга кептелген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
haydarkan
2018-08-07 16:28:00
Авиатраффикти жаап салыш керек. Бишкек-Ош жана Бишкек-Баткен кылып озубуздун олкодо гана уча турнан кылыш керек. Алыскы жолго кооптуу. Бир жолу учуп АЛАХ КУДАЙ менен аран жетип барганбыз Москвадан
+2
taalay25
2018-08-07 17:09:42
haydarkan,постоянно проблемасы бар, мен 55470 рублге беш билет алып уча алган эмесбиз кызматкерлеринин шалакылыгынын айынан! Кайра акчаны кайтарып беруунун ордуна озуно атылыганычы глав офистегилери. Сотко берем деп жатып 80% ондургом такыр эле алып салыш керек линиядан. Кыргызстан Аба жолдорун алып салгандай эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан