Таластагы жайлоодон чыккан өрт өчүрүлдү

Таластагы жайлоодон чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Ыкыбал Абдираимованын айтымында, учурда 500гө чукул адам түтөп жаткан жерлерде иш жүргүзүп жатышат.

"Өрт 7-август күнү чектөөгө алынып, бүгүн өчүрүлдү. Кайра тутанып кетпеши үчүн түтөп жаткан жерлерди өчүрүү аракети көрүлүп жатат. Өрт өчүрүүгө жалпы 500дөн ашык адам тартылса, учурда алардын саны азайды. Өрт чыккан жер бийик тоо болгондуктан өрт өчүрүү унаасы чыга албай кол менен өчүрүүгө туура келди. Ал эми аларга тамак-аш өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан берилип жатат", - деди Абдираимова.

Манас районундагы Алмалуу-Тоо жайлоосунда 28-июль күнү өрт чыгып, 4-августта өчүрүлсө, 5-август күнү саат 17:00дө өрт кайрадан тутанып кеткен. Натыйжада куураган чөптөр жана бадалдар күйүп кеткен. Район акиминин 1-августтагы буйругунун негизинде аймакка "өзгөчө кырдаал тартиби" киргизилген эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zzz---zzz
2018-08-08 21:26:23
Фейсбукта бул өзгөчө кырдаалдар министри өрт казак тараптан келген деп маалымат берди муну такташ керек да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан