"Дайынсыз жоголгон 2 жашар кыз аман-эсен табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди". Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милицияга бүгүн, 10-август күнү эртең менен Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун Сын-Таш айылындагы “Дача-Лира” тилкесинде А.Н. аттуу 2 жашар кыз дайынсыз жоголгону тууралуу маалымат келип түшкөн.
"Издөө иш-чараларына саат 8:30да ӨКМнын 35 жана Ички иштер министрлигинин 25 кызматкери тартылган. Издөө иштеринин натыйжасында, куткаруучулар саат 10:20да кызды чуңкурдан аман табышып, ата-энесине өткөрүп беришкен. Абалы канааттандырарлык", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.