Өспүрүмдөр арасында социалдык тармак аркылуу тарап жаткан Momo оюну боюнча Өзбекстандын Ички иштер башкармалыгы эскертүү таратты.
Эскертүүдө WhatsApp жана мессенжер аркылуу тарап жаткан оюн өспүрүмдөрдү суицидге түртүп жатканы жазылган.
Momo оюнунда куратор социалдык тармактарда атайын колдонуучуларды издейт. Алар торуна өспүрүмдөрдү түшүрөт дагы аларга коркунучту сүрөттөрдү жана видеолорду жөнөтөт. Андан соң колдонуучуга ар кандай буйруктарды бере баштайт. Эгер оюнчу андан баш тартса, аларга түздөн-түз өздөрү келип коркута турганы жазылат.
Өзбекстандын Ички иштер башкармалыгы бул оюндан сак болууну эскертип "эгерде сиздин телефонуңузга түшүнүксүз билдирүү келген болсо, эч көңүл бөлбөстөн блоктоп салуу керек" деген маалыматты тараткан.