"Аламүдүн" базарындагы лифтти талкалагандар изделип жатат

"Аламүдүн" базарындагы жөө жүрүүчүлөр өтүүчү өтмөктөгү лифтти талкалагандар изделип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 20-августта SUPER.KG порталына Свердлов районунун акими Самарбек Болотбеков билдирди.

"Аламүдүн" базарындагы жер үстүнөн өтүүчү өтмөктүн талкаланган лифти боюнча атайын протокол түзүлүп, Свердлов РИИБине өткөрүлүп берилди. Учурда лифттин айнегин талкалаган жарандар изделүүдө. Аларга "бейбаштык" беренеси боюнча иш козголуп, мамлекетке келтирилген чыгымдар өндүрүлүп алынат" деди аким.

Айта кетсек, социалдык тармактарда өтмөктөгү лифттин талкаланган сүрөттөрү кызуу талкууга алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
aza84
2018-08-20 11:36:52
Колу куртаган жапайыларда
+5
toktor89
2018-08-20 11:44:37
Озу бизде плюстан да минусу коп
+4
Dalil
2018-08-20 12:03:22
Таап өздөрүнүн колу менен койдуруп, сүрөтүн да илип коюу керек. Мындай зыянкечтерди эл билиши керек.
+5
Nanei
2018-08-20 13:53:09
Кыргыз десем озубузго тиет соз. Бирок жапайычылктан дагы деле арыла элекпиз. Бир жакшы нерсе корсок талкалап кетевиз. Анан эле президент куноолу баарына
+1
lenovo820
2018-08-20 15:22:10
Карапайым калкка кана кучу жетет булардын. Булго лифт экен мындан башкасычы тоолорду жерлерди жолдорду талкалап сатып атышат чекеден ошолорго кылмыш ишин козгошпойбу. Окмотко зыян кылды мамлекетке зыян кылды дешет бир лифт учун. ХХХ ХХХ. Ичип жегенден башканы билишпейт
-4
admin_media
2018-08-20 15:46:25
lenovo820, этика нормаларын сактоону сунуштайбыз.
0
monster_high_98
2018-08-20 15:31:55
Жон эле журбодук да!Талкалап эле "маданияттуулукту" коргозо бербей!Муйуз чыгып кетти бекен талкалагандарга
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан