Таш-Көмүр шаарында 21 жаштагы жоокер сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, окуя ушул жылдын 13-август күнү болгон.
"Кырсык Нарын дарыясына чөгүп кеткен 1988-жылкы Б.З. аттуу жаранды издөө учурунда болгон. Саат 19:00 чамасында куткаруучулардын ичинен аскердик кызматын өтөп жаткан 4 жоокер жуунуп алууга куткаруу тобунун командиринен уруксат алып "Бачок" эс алуучу жайындагы сууга түшүшкөн. Бир аз убакыттан кийин куткаруучулар жээкке сүзүп чыкканда катардагы жоокер Д.у.М. жээкке чыкпай калган. Сууга чөккөн жоокер куткаруу иштерине катышкан эмес, ал куткаруучуларды тамак-аш менен камсыздандыруу ишин аткарып жүргөн. Издөө иштери кечки саат 19:30дан 23:40ка чейин жүргүзүлүп, натыйжа болгон эмес.
14-август күнү издөө иштеринин натыйжасында саат 14:22де Ноокен районунун Достук айыл аймагынын Бачок участкасында Нарын дарыясынан катардагы жоокер Д.у.М.нын жансыз денеси табылган. Учурда тиешелүү органдар тарабынан териштирүү жүргүзүлүүдө", - деп билдирди ӨКМнын маалымат кызматы.