Самара Каримова Кыргыз өлкөсүндө миллион катталуучу топтогон алгачкы Инстаграм колдонуучусу болду

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова социалдык тармактагы популярдуу болгон Инстаграм баракчасында миллион катталуучу топтоду. Кыргыз шоу-бизнесиндеги алгачкы миллион катталуучу топтогон ырчы айым SUPER.KG порталына буларды айтып берди.

"Бүгүн мен үчүн кош майрам болуп жатат. Мындан 5 жыл мурун кызым Даткайым төрөлгөн. Туулган күнгө кошулуп социалдык тармактагы баракчамдагы катталуучулардын саны миллионго жетиптир. Күйөрмандарым менен жакын болуп, байланышта болоюн деген максатта 2015-2016-жылы Инстаграмга катталгам. Бирок миллион катталуучу топтоюн деп аракет кылган эмесмин. Мындай көп катталуучу топтогонумдун эч кандай сыры жок. Болгону жеке баракчама жашоомдогу кызыктуу окуяларды, чыгармаларды, айтор элиме кызык болгон маалыматтарды жүктөп келем. Айрым учурда күйөрмандарыма белектерди ойнотуп, тартуулайм. Мени колдогондорго таазим, ар бир аракетим сиздер үчүн", - дейт ырчы.

Белгилүү болгондой, аталган баракчада катталуучусу миллионго чамалагандардын бири ырчы, алып баруучу жана актриса Анжелика. Учурда анын жеке баракчасында 955 миң катталуучу бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (58)
Jasa
2018-08-23 13:38:55
Унун билбейм го балким жакшы эле ырчыдыр ырларын укбайм деле бирок канчалык бийиктиктерди багынтса дагы аял катары боорум ооруйт ,бир омур атандай киши менен жашоо бул азап эле болсо керек…
+5
Baian
2018-08-23 13:47:42
Зээрикпей кирип коруп чыктым.Чындыкка коошпойт.Мен анын хейтери эмесмин,бир да ырын укпагам.Инстаграмы скучный,дешевый рекламаларга толтура,не живая,не интересная страничка экен.Коралбайтат дебегиле,оз оюмду жазып атам.(коп коммент жазбайм озу)
Эми азайып,отписаться этип кетишип уят болбосоле болду)
+11
monster_high_98
2018-08-23 14:05:19
Baian,Даа мен да подписчик эмесмин ага,жанагы интернетте хит болуп жаткан накрутканын эле арты го дейм.Эми биздин Джоли бугун уктабай чыгат го чиркин
+8
Sezim.A
2018-08-23 14:44:35
Кийин кыздарыны да атасындай кишиге бере корбо анткени соз бар эмеспи элибизде тен тени менен деген.Шерменде тообо кылдым.Европаны жаныдан изилдеп укмуштуудай нерсе жараткансыйт окшойт озуно.Подписчигин болсо эмне ,мактануу шартпы.Маданият кызматкери болуп туруп ушундай болбогон нерсе менен чыгуу уят эмеспи?
+5
Sezim.A
2018-08-23 14:46:37
Кош майрам дептирсин.Майрам кечээ куну болгон Курбан айт майрамы.Андайды кайдан тушунмоксун!?
+7
dobrajelatel
2018-08-23 14:49:01
Минус жагы чон кишиге тийгени болбосо а так бардык жагы жакшы. Уч баласы менен ызы-чуусу жок тынч жашап келетат. Бироону ушактап, бироо менен урушканын корбодум. 1млн подписчик бул дагы бир ийгилиги.
-1
dobrajelatel
2018-08-23 14:50:26
Анжелика 1млн подписчик топтосо мактанып бут олкого жар салып жыргап калат. Калп кулуп, репутациясын бузду.
+3
Mahabat84
2018-08-23 15:20:38
Ё-моё ушакчылыр ушул жерде турбайбы
+4
gulmi
2018-08-23 17:31:38
Самара Анжеликаны эле андып олтурат.Анжелика 2-3ай мурун подписчиктерим 1 миллион болсо деп тилейм деп жазган инстаграмда. Кичинеден кийин Самаранын 350 000 подписчиктери 1 тундо 600 мин болуп калды(муну бир интернет басылып жазып чыккан)эми бат эле 1 миллион болуп калды.Анжедикага жетем деп эле тырпылындай берет.Орусча билсе Анжеликадай жазып,суйлоп чыкмак
+6
Goool
2018-08-23 18:41:35
Млн биринчи болуп мен катталамын окшойт самарага)) хахахахз
0
anonymous
2018-08-23 22:25:02
Живой уккам 2 метрден.Жакшы ырдайт Асан атасы калбай эрчип жүрөт экен
0
jdn11
2018-08-23 23:30:29
Азамат. Баткенчилер кыйын озу.
0
culu
2018-08-23 23:36:58
Жакшыы
-2
Muslim_KGstana.
2018-08-24 09:16:33
Самара ХХХ
0
dastanbek1981
2018-08-24 10:05:23
жакшы ырдайт...мани-маниси коп бай Чон крышалуу ырчыда
0
Nukeww
2018-08-24 11:18:41
накрутка кылып алып,озун-озу алдап жыргай бербесинчи. Подписчиктеринин саны менен лайк-комментарийлери дал келишпейт. Индус-пиндустарды толтуруп алып мактанат да куйдур-ргу.. Мисалы,Чала Спортиктин комменттери,лайктары коп,анткени аныкы живая аудитория...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан