Мамэкотехинспекциянын басма сөз катчысы Анара Мамбеталиева коррупцияга каршы күрөшөм деп кызматынан кол жууганын айтууда. Аталган мекеменин директорунун орун басары Расул Артыкбаев катчынын кызматтан эмне себептен алынганын SUPER.KG'ге 23-августта түшүндүрдү. Анын айтымында, Мамбеталиева мекеменин ичинде нааразычылык акциясын өткөргөндүгү үчүн жумуштан алынган.
"Анара Мамбеталиева инспекциянын имаратында нааразычылык акциясын уюштуруптур. Мекеменин ичинде митинг өткөрүүгө мыйзам тыюу салгандыктан анын мындай аракети атайын комиссия тарабынан каралып, директор комиссиянын чечиминин негизинде аны 15-августта кызматтан алыптыр. Мен бул учурда эмгек өргүүсүндө болчумун", - деди Артыкбаев.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү мыйзамдын 47-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пунктуна ылайык, мамлекеттик кызматкер мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштешине тоскоолдук болгон митингдерди, манифестацияларды уюштурганга же катышканга тыюу салынган.
Инспекциянын директору Жолдошбек Жунушев учурда иш сапары менен Орусияда жүргөндүктөн аны менен байланышууга мүмкүн болгон жок.