Бишкек шаардык кеңешинде "Кыргызстан" фракциясынан депутат Таалайбек Сагынов жакында фракция лидерлери чогулганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 23-августта SUPER.KG порталына билдирди.
"Биз эки-үч күн мурун фракция лидерлери чогулуп, ар бир фракциядан бирден талапкер болсун деген чечимге келдик. Ушул жуманын аягына чейин ар фракция бирден талапкер сунуштайт. Талапкер шаардык кеңештин жумушун уланткан, ыкчамдаткан адам болуусу шарт. Азырынча кимдер талапкер боло турганы белгисиз", - деди ал.
17-августта Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалган.
Мыйзамга ылайык, шаардык кеңештин төрагасы илимий, педагогикалык жана башка чыгармачылык иштерден тышкары акы төлөнүүчү башка иш менен алектенүүгө укуксуз.