SUPER.KG'нин "Элдик видео" бөлүмүнө "Сокулукта үй өрттөнүп жатат" деген аталыштагы видео жүктөлдү. Видеодо турак үй өрттөнүп, жанындагы адамдар өрттү өчүрүүгө аракет жасап жатканы тартылган. Ошондой эле кырсык болгон жерде топтолгондор өрт өчүрүүчү унаадан суу чыкпай жатканын айтып жатышат.
"Ала-Тоо конушунда турак үйдөн өрт чыгып, үй толугу менен күйүп калды. Үй ичинен чыккан суу менен өрттү өчүрүүгө аракет кылып жаттык. Үйдүн 70 пайызы күйүп бүткөн соң өрт өчүрүүчүлөр келишти. Эң өкүнүчтүүсү суу чачуучу унаанын 20 метрдей шлангынын 50дөй жеринен тешиги бар экен. Чачылган суунун көбү эле дарегине жетпей төгүлүп калып жатты. Өрт саат 12:30 да өчүрүлүп бүттү. Жабыркагандар болгон жок. Эгерде өрт өчүрүүчүлөр жакшыраак шланг менен жана убагында келгенде үйдүн көпчүлүк бөлүгүн сактап калууга мүмкүн болмок", - деди окуянын күбөсү.