"Коопсуз шаарды" ишке ашыруучу компания тандалган жок. Аукцион техникалык мүчүлүштүктөн улам үзгүлтүккө учурады

"Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруучу компанияны аукцион жолу менен аныктоо толук аягына чыккан жок. Буга техникалык мүчүлүштүктөр себеп болду". Бул тууралуу тендердик комиссиянын төрагасы Кубаныч Шадемиров билдирди.

Анын айтымында, аукциондун жыйынтыгы сөзсүз чыгарылып, жеңүүчү компания коомчулукка жарыяланат.

"Техникалык мүчүлүштүктөн улам аукцион толук аягына чыкпай калды. Мындай жол менен жеңүүчүнү тандоо биз үчүн туура кадам. Аукцион иштин сапатына, катышуучуларга бирдей шарт түзүүгө жана коррупциянын алдын алууга шарт түзөт", - деди Шадемиров.

"Коопсуз шаар" долбоору "Акылдуу шаар" долбоорунун бир тармагы болуп саналат. Аталган идея 2012-жылдан бери түрдүү себептерден улам ишке ашпай келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Ali-han
2018-08-24 00:15:54
Мүчүлүштүк дегени эмнеси кокуй?
0
muni.98-98
2018-08-24 09:19:04
Ali-han, ошибка десе да болот.
0
monster_high_98
2018-08-24 08:49:33
Кыла турган адам 2012де эле бутурмок!Калп эле убакыт коротпой башка ишти бутургулочу!
+1
urmat-77
2018-08-24 14:54:49
Бул долбоор жок дегенде дагы алты ай ишке ашпайт.Себеби көпчүлүк чиновниктерге доля түшпөй калат.2012жылы эле бүтүрсө болмок.Беш камера койду эле канчалаган акча түштү кыска убакытта.Ошондуктан аукцион өтпөй калса же аукционго катышкандар дагы 5 жыл соттошсо таң калбаш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан