Бишкек шаарындагы "Ак-Кеме" мейманканасынан тамакка ууланган" делген адамдар ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта SUPER.KG порталына Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 24-августта тамакка ууланган 42 адам ооруканага келип түшкөн. Аларга биринчи жардам берилгенден кийин 40 киши үйүнө жиберилген. Эки адам ооруканага жаткырылган. Алар ооруканадан чыгарылды.