Бишкек шаарында "Ак-Кеме" мейманканасынан тамактанган 42 адам ууланып ооруканага түшкөнү айтылууда.
Аталган мейманкананын жетекчиси Жоомарт Шаршекеев SUPER.KG'ге билдиргендей, 23-августта кечки тамак учурунда мейманканадан 90 киши тамактанган.
"Алардын 42си тамактан ууланып ооруканага кайрылышкан. Ооруканадан аларга амбулатордук жардам көрсөтүлүп, 40 адам үйлөрүнө жөнөтүлгөн. 2 киши ооруканага жаткырылган. Айрым маалымат булактары ар кандай туура эмес маалыматтарды жазууда. Биздин мейманканадан спортчулар, ЮНИСЕФ уюмунун ыктыярчылары жана Индиялык туристтер тамактанышкан. Алардын ичинен ЮНИСЕФ уюмунун 42 ыктыярчысы башка жайдан да тамактанганы белгилүү болду. Биздин тамак-аштар бардык талаптарга жооп бере тургандыгын ишенимдүү түрдө айта алабыз. Дарыгерлер тамактан уулангандардын анализинин жыйынтыгы бир жумадан кийин чыгат деп айтышты. Жыйынтыктар чыккандан кийин баары белгилүү болот", - деди Жоомарт Шаршекеев.