"Кыргыз темир жолунун" кызматкери өзүнүн жана кызынын өмүрү үчүн кооптонуп, кайра президентке кайрылды

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын кызматкери Алия Асанбаева президент Сооронбай Жээнбековго кайра кайрылып, колдоо жана коргоону суранды.

Кайрылуунун тексти:

"Урматтуу президент, сиз бизге үмүт берип, коррупциялык факттар боюнча ачык айткыла деп үндөгөнсүз. Мындан улам мен 11-августта "Кыргыз темир жолундагы" билетсиздер жана форма кийимдери боюнча коррупциялык иштер тууралуу кайрылгам. Бул видеокайрылуумдан кийин "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчилиги тарабынан мага каршы аракеттер башталды. Жамаатты чогултуп, маалымат жыйындарын уюштуруп, намысыма шек келтирген сөздөрдү айтып жатышат. Мени баңгизат ташыйт деп да күнөөлөй башташты.

Мен бул боюнча транспорт министринин орун басары Жусубалиев Азимбек Ильясовичке арыз менен кайрылгам, бирок ал бизди кабыл алуудан баш тартып жатат. Мамлекеттик мекемелер тарабынан эч кандай реакция көрбөй жатам. Тескерисинче, мамлекеттик органдар жана аталган ишкана тарабынан кысым болууда.

Мен жалгыз бой энемин. Буга карабай коррупциялык факттар боюнча айтуудан корккон жокмун. Жыйынтыгында кылмыш иши козголуп, учурда анын үстүнөн Каржы полициясынын тергөөчүсү Азамат Бекетаев иштеп жатат. Буга байланыштуу тергөөгө колдоо көрсөтүп, ишти сотко чейин жеткирүүнү суранабыз. Эгер иш аягына чейин чыкпаса, менин кызым менсиз өсүп калат деп коркуп жатам", - деди Асанбаева.

SUPER.KG порталы бул боюнча аты аталган кызматкерлердин жана мекемелердин пикирин угуп жарыялоого даяр.

"Кыргыз темир жолунун" кызматкери президентке кайрылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
sinej
2018-08-27 12:17:53
Ушундай адамдар коп болсун. Алия Асанбаева сиздей айымдардан умут чон. Сиздей адамдар аркылуу кыргызстанда адилеттуулук орното алабыз жана коррупция токтотууга мумкунчулук бар. Башка кызматкерлерге да улгу болдун.
+18
pat12
2018-08-27 12:20:27
Супер. Жонокой кызматкерлер жакшы билишет озунун начальниктери эмне менен дем алып жатышкандары.
+9
Shaa-82
2018-08-27 12:31:44
Президент ушул ишке озу коз салат деген ишенимдемин.
+12
i1urp
2018-08-27 13:09:46
Эми жетекчиси мындай тактика жасайт. Баардык кызматкерлерди чогултат, баарнан кол койдуруп алат, типа жетекичи жакшы иштеп жатат, баары соонун деп. Ошону менен эч ким унчукпай калышат.
+5
Дарыгер
2018-08-27 13:12:59
Укук коргоочулар кайдан журот. Кылмышкерлердин укугун коргоп калышчу эле. Мына чыныгы жумуш. Эми коргондо ушул эженинин укугун. Омбудсмен кайдан журот. Канча кундо Бир ун катпады
+3
Nursbaike
2018-08-27 13:44:55
Азамат эркектерибиз чыкпай аялдарыбыз коркпой айтып чыгып атат. Окунучтуу унчукпай билмексен болуп иштеп атканы эркек сооройлордун
+6
admin_media
2018-08-27 14:56:34
haydarkan, сизге купуя аркылуу жооп берилди.
-2
BarsBaatyr
2018-08-27 16:00:09
Уландын темир жолдогу коррупцияларды ачыктаганына жч кандай реакция болгон эмес.Королучу эми кандай реакция болоорун.
+1
asash
2018-08-28 00:40:11
Эмне учун президент унчукпайт, азыр маалыматты эч кимден жашырып болбойт, ММК лар маалыматты кун сайын жеткирип турат, бул экинчи Кыргыз мамлекетине куйгон инсандын кайрылуусу, эмне учун, же президент интернет булактарын карабайбы, урматтуу Сооронбай Шарипович, кыргыз Эли сизден эмнени кутуп олтурат, же айткан убаданызда турбай калдынызбы, же Берген анттынынызды буздунузбу,уч кун болду жана экотехинспекцияда иштеген айымдын кайрылуусуна, эмне реакция кылбайсыз, эми минтип олтурсак Кыргызстан ды
+1
Erik2018
2018-08-28 09:49:29
asash, Президент Экотехинспекциясынын маалымат катчысы Анара Мамбеталиеванын кайрылуусун четте калтырбай жооп кайтарып тийиштүү кызматтарга тапшырманы берди. Эми буга деле жооп берет болуш керек.
0
asash
2018-08-28 00:46:37
Рахмат сизге урматтуу Эр журок айым, ошончо адамга жалгыз туруп курошуп жатканынызга, АК ийилет, бирок сынбайт, кыргыз Эли сиз менен
+1
fanatka19
2018-08-28 11:58:47
Чындык чыркырабаса эле болду.
+1
dina
2018-09-12 22:43:43
Билети жок кеткенде эки эсе арзан кетишет да. Поездге билет алганча кичине акча кошуп самолётко алган он.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан